Полисахариддер

Полисахариддер — гидролиз реакциясына кирип, олигосахаридди жана моносахаридди пайда кылган ири мол. массалуу углеводдор. Мол. масс. бир мече миңден бир нече миллионго жетет. П. жаныбарлар, өсүмдүктөр жана микроорганизмде кеңири таралган эң баалуу биополимер тобу. П. химимялык касиеттери аны түзгөн моносахариддин түзүлүшүнө негизделген. Эгерде П. бир эле моносахариддин калды-гынан (мисалы, глюкозанын) турса, гомополисахарид, эки же андан көп моноса-харид калдыгынан турса, гетерополисахарид деп аталат. П. түзүлүштөрү боюнча түз сызыктуу (целлюлоза, амилоза), же тармакташкан (амилопектин, гликогенж. б.) түрдө болот. П. шелочторго туруктуу, к-талар таасири менен гидролизденет (ажырайт). П. организмде эң маанилүү функцияларды аткарат. Аларбиол. ролу боюнча үч түргө бөлүнөт: таянычтык (мисалы, целлюлоза, хитин), запастык же энергетикалык (мисалы, крахмал, гликоген, эремуран) жана физиологиялык активдүү (гепарин, кандагы П.) заттар. П. көпчүлүгү өнөр жайында кеңири пайдаланылат, өзгөчө целлюлоза, крахмал. П. түрдүү ачытуу иштеринде, жасалма булаларды жана плёнкаларды алууда, физиологиялык активдүү медициналык заттар даярдоодо колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)