Полиптер жана полицитемия (эритроцитоз)

Полиптер — дем алуу жолун, жатын, карын, жоон ичеги, көтөн-чучук, табарсык жана башка лардын былжыр челинде өсүп чыккан патологиялык түзүлүш. П. ар түрдүү формада, чоңдукта, түбү жазы же ичке болот, алардын үстү жылмакай же бодуракай болушу мүмкүн. П. чыныгы эпителийлүү шишик - аденомалар түрүндө сезгенүүдөн пайда болот. Дарттын белгилери ар түрдүү келип, көбүнчө П-дин өскөн жерине, анын түзүлүшүнө, чоңдугуна, жайылышына жана кабылданышына жараша болот. Кээде П. органдардын (мисалы, мурун көңдөйүн, ичегини жана башка лар) ичин кичирейтип же бүтөп калат. Кээ бир учурда жараланып, канашы ыктымал. Айрымдары (ичеги-карын, табарсыктын П-и жана башка лар) коркунучтуу шишикке айланышы мүмкүн. Дартты аныктоодо негизинен рентген, эндоскопия жана морфологиялык (кесип алып микроскоп менен текшерүү) изилдөөлөр жүргүзүлөт.

П-ди дарылоодо көп учурда хирургиялык операциялар колдонулат. Полицитемия (эритроцитоз) — кан пайда кылуучу органдын өнөкөт оорусу. Себеби белгисиз. Организм сууну көп жоготуп (мисалы, узакка ич өткөндө, кусканда, өтө тердегенде) кан коюуланганда жана башка лар учурларда байкалат. П. менен көбүнчө улгайгандар (40 — 60 жашта), чанда жаштар ооруйт. Лейкоздор тобуна кирет. Мында кандагы эритроцит көбөйөт, көк боор чоңоёт жана кемиктин активдүүлүгү күчөйт.

Беттин, колдун жана буттун үстү кочкул кызыл тартат, бүйлөдөн, мурундан, карындан, жатындан кан агат. Четки кан тамырлар жабыркайт, артерия кан басымы жогорулап, нерв системасы бузулат. Дарылоодо кан агызылат, шишикке каршы дарылар берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)