Полимер плёнкалары

Полимер плёнкалары – калыңдыгы 0,2­0,3 ммден ашпаган туташ полимер катмары. Алар табигый (белок, табигый каучук, целлюлоза ж. б.), жасалма (табигый полимерлерди химиялык иштетүүдөн алынган) жана синтездик (полиолефиндер, поливинилхлорид, полиамид ж. б.) полимерлерден алынат. Синтезделген плёнкалар өздөрүнүн физикалык-мехникалык жана химиялык касиеттери боюнча табигый плёнкалардан артыкчылык кылат. Полимер плёнкалары түрдүү материалдарды ороо үчүн өнөр-жай жана турмуш тиричиликте кенен колдонулат. Аны даярдоо үчүн полиэтилен, полипропилен, поливинилхлорид, полистирол ж. б. полимерлер керектелет. Ошондой эле электр изоляциялык (полиолефин, полиамид ж. б.) плёнкалар кеңири таралган. Атмосферага туруктуу Полимер плёнкалары (полиэтилен, полиамид ж. б.) гүлзарларды, күнөсканаларды жабуу үчүн ж. б. максаттарда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)