Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Полимер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Полимер

Дөбөдө ичке, мажирөө дарак өсүп турат. Шамал аны ары-бери чайкалтып, туш тарапка иет, бирок сындыра албайт. Дарактын мындай ийилчээктиги жыгачтын курамындагы өзгөчө зат - полимерге байланыштуу. Жыгачтагы негизги полимер - целлюлоза. Табиятта полимер кадам сайын кездешет. Алар бир микроорганизмдин, өсүмдүктүн, жаныбардын маанилүү бөлүгү. Адамдын организминдеги заттардын арасында да полимер бар. Булчуң эт, тери, чач - ушулардын баары организмдин иш-аракетинин натыйжасына пайда болгон полимерлер.

Жакынкы мезгилге чейин эле полимер табиятта гана түзүлүп келген. Азыр адамзат анын лабораториясына сүңгүп кире баштады. Полимерлер зор чынжыр молекула экендиги, бул молекулалар болсо мономерлерден - жөнөкөй молекула-звенолордон тургандыгы аныкталды. Бирдей звенолор чынжырда көп жолу кайталанат. Ошондуктан бул заттардын аталышында поли - көп деген грек сөзү кошулат. Мономерлер газ, суюктук же катуу зат түрүндө болушу мүмкүн. Полимерлер суюктук же катуу зат түрүндө гана болот. Узун чынжыр-молекулалардын ар түрдүүчө жалгашуусу затты бекем, ийилчээк, серпилгич, ийкемдүү, пластикалуу кылат.

Бекеринен айрым полимерлерди пластмасса деп аташпайт. Эгер чынжыр түз сызык түрүндө бир багытты көздөй созулса, бышык ийилчээк заттар алынат. Эгер чынжырлуу ийри-буйру болуп буралып турса, резинага таандык сапаттары бар заттар келип чыгат. Эгер чынжырга бир эле звено кошулса полимерде жаңы сапат, касиеттер пайда болот. Дагы бир кызыктуу жагдай, бир эле звенону чынжырдын ар кайсы жерине бириктиргенде ар башкача заттар алынат.

Ушуларды билгенден кийин окумуштуулар бир нече ондогон заттардан ондогон миң полимер алышты. Болоттой бекем, асыл металл сыяктуу катуу, резинадай серпилгич, кебездей жумшак полимерлер станок, учакта металлдын ордун басат, көптөгөн курулуш материалдарын алмаштырат, пахта, жүн, жибек сыяктуу эле кездемелердин атаандашы боло алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1251, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу