Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Поликлиника

Поликлиника — оорулууга врачтык медициналык жардам көрсөтүп дарылоо, алдын алуу чараларын жүргүзүүчү мекеме. Биздин өлкөдө П. калкка акысыз, өз убагында, адистештирилген алдын алуу-дарылоочу жардам көрсөтөт. П. аймак боюнча иштейт. П-да адис-врачтар кабыл алуучу терапия, хирургия, неврология, стоматология, рентген жана физиотерапия кабинеттери, диагностика лабораториясы, аптека жана башка лар болот. П. диспансерлөө (диспансердик байкоо жүргүзүүнү талап кылган), атайын дарылоо, санаторий-курорттук дарылоого муктаж адамдарды эсепке алат, алардын турмуш-тиричилигин, эмгек шартын изилдейт. П-да оорулуулардын эмгекке убактылуу жарамсыздыгы аныкталат (Шилтеме: Врачтык консультациялык комиссия, Эмгекке жарамсыздык), ооруга байланыштуу жумуштан бошотуучу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет, стационардык дарылоого жиберилет (Шилтеме: Ооруканага жаткыруу) жана эмгекке такыр жарамсыз болгондор врачтык-эмгек комиссиясына жөнөтүлөт. 14 жашка чейинки балдар балдар поликлиникасына көрүнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)