Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Полиархия

Полиархия (гр. <, роlу – көп + агсhia – бийлик) бүгүнкү күндөгү саясий илимге америкалык саясат таануучу Р. Даль аркылуу көбүрөөк даражада демократтык идеалга туура келген, реалдуу өкүм сүргөн саясий режимдерге мүнөздөмө берүү үчүн киргизилген түшүнүк. Р. Далдын ою боюнча, чыныгы дүйнөдө демократиянын бардык талаптарын толугу менен канааттандырган саясий системалар жок.

Демократия деп ал төмөнкү негизги мүнөздөмөлөрдү:

Бул мүнөздөмөлөрдөн бардыгын иш жүзөгө ашыруу, умтулуу керек болгон демократиянын идеалдык моделин сунуш кылат. Бирок дүйнөдөгү көп түрдүү саясий системаларды алардын демократташтырылышынын деңгээлине жараша баа берүүгө аракеттенүү үчүн эки негизги критерийди: тең укуктуу элитанын ачык, саясий атаандаштыгы жана калктын саясий катышуусун бөлүп чыгуу акылга сыярлык. Өзүнүн граждандарына өз кызыкчылыктарын кандайдыр бир дискриминациясыз ишке ашырууга мүмкүндүк берген реалдуу саясий режимдерди Р. Даль полиархия деп атаган. Полиархия – саясий режим.

Полиархиянын башкы белгилери: Граждандардын саясий катышуусунун жогорку деңгээли, шайлоодогу (шайлоочулардын колдоосу үчүн күрөштү түрдүү топтордун жана саясий лидерлердин өнүккөн, ачык, саясий атаандаштыгы. Ошентип, полиархия – элдин атынан, элдин жардамы менен жана эл үчүн башкаруу эмес, азчылыктын башкаруусуна көпчүлүк макул болуп, көзөмөлдөгүн саясий система. Ошону менен граждандарды элитанын жоопкерсиздигинен жана өзүн билемдигинен сактаган гарантиялар да өкүм сүрөт.

Р. Даль полиархияга барууга таасир тийгизген жети шартты бөлүп көрсөтөт:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)