Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пневмокониоздор

Пневмокониоздор — өндүрүш чаңы менен узакка дем алуудан пайда болгон өпкөнүн өнөкөт кесип ооруларынын тобу. Адатта тоо-кен, таш көмүр, пахта, кенаф ишканаларында жана башка лар иштегендер ооруйт. Мында негизинен дем алуу органдары жабыркайт. Дем алган чаңга жараша П-дун бир нече түрү белгилүү. Кремнийдин кош кычкылынан — силикоз, таш көмүр чаңынан — антракоз, пахта чаңынан — биссиноз пайда болот. Көбүнчө оору өнөкөт түрүндө өтөт.

Катуу кармаган түрү сейрек кезигет. Оорунун өтүшү оорулуунун абалына, жумуш шартына, организмдин жеке сезгичтигине, чаңдын түрүнө жана башка лар себептерге жараша болот. П-дун ар бир түрүнүн клиникалык белгилери ар башка болуп, анын башталышында көкүрөк ооруп, кургак жөтөл пайда болот. Андан кийин өпкө, жүрөк начарлайт. Көп учурда дем алуу жолунун былжыр чели өзгөрүлүп, карын жана уйку безинин иши, зат алмашуу бузулат.

Ал кабылдап өпкөнүн сезгенишине, кургак учукка, өнөкөт бронхитке, бронхоэктазга алып келет. Оорунун диагнозун врач коюп, дарылайт. Дарылоо негизинен иштеген жердеги чаңды азайтууга багытталат, организм - дин иммунитетин жогорулатууга көңүл буруу зарыл. Дем алуу органдарына атайын көнүгүүлөрдү жасоо, витамин, диета, антибиотиктер, айрым учурда кортикостероид гормондору колдонулат. Сыркоо адамга витаминге, белокко бай тамактар сунуш кылынат. Диспансер, курорттордо дарылануу сунуш кылынат. Ооруну алдын алууда ишканада чаңды азайтуу, эмгек гигиенасына көңүл буруу, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу, чаңдуу ишканада иштегендерди медициналык кароодон өткөрүү оорунун андан ары күчөшүн алдын алат.

Оорулууну чаңсыз ишке которуу талапка ылайык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)