Пластикалык операциялар

Пластикалык операциялар — дененин айрым бөлүктөрүнүн же мүчөсүнүн тубаса же оорунун, кырсыктын натыйжасында бузулган формасын жана кызматын калыбына келтирүү үчүн жасалган хирургиялык операция. П. Ошондой байыркы Индияда жана Египетте колдонулган. Алгачкы мезгилде тери пластикасы өөрчүгөн. Сөөктү которуп улоо 17 — 18-кылымда башталды. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Н. И. Пирогов болуп саналат. Азыркы мезгилде медицинанын, биологиянын жетишкендиктеринин, айрыкча кан тамыр хирургиясынын өөрчүшүнүн негизинде дененин айрым бөлүктөрүн, ткандарын гана эмес, бүтүндөй мүчөнү которууга мүмкүндүк болду. Эгерде оорулуунун өзүнүн денесинин тканы же мүчөсү колдонулса аутопластика, ал эми башка бир адамдын (донордун) тканы колдонулса гомопластика, жаныбарлардын органы же тканы көчүрүлсө гетеропластика деп аталат. Биологиялык эмес синтетикалык материалдар (металл, айнек, синтетикалык ткандар) азыркы мезгилде кеңири колдонулуп жатат.

П. Ошондой хирургиянын бардык тармагында ийгиликтүү колдонулууда. Мисалы, жүрөк жана кан тамыр хирургиясында жүрөк клапандарын жасоо, иштен чыккан кан тамырларды алмаштыруу, ошондой эле жасалма кекиртек, кызыл өңгөч (ичегиден) салуу да П. о-дын бир түрү болуп саналат. П. о-дын балдар хирургиясында мааниси өтө чоң, мисалы, тубаса жырык эринди жамоо, көтөн чучугу жабык төрөлгөндөрдү, заара жолдорунун тубаса кемтиктерин калыбына келтирүү жана башка лар Чоң жарааттарга, күйүктө терини көчүрүп жамап айыктыруу да чоң мааниге ээ. Ошондой эле беттеги же башка көрүнөө жердеги тырык, бырыш жана башка лар кемчиликтерди жоюу үчүн косметикалык П. Ошондой жасалат. Башка кишиден көчүрүлгөн ткань же орган эң татаал П. Ошондой болуп эсептелет. Себеби ткандардын сыйышпастыгы мүмкүн, бул учурда атайын дарылоо чараларын көрүүгө туура келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)