Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Питкэрн аралы

Питкэрн аралы – Улуу Британиянын Тынч океандагы жалгыз «деңиздеги алыскы аймагы» (1838-жылдан). Тынч океандын түштүк-чыгышында жайгашып, батышынан Француз Полинезиясы менен чектешет. Арал жанар тоонун (өчкөн, бийиктиги 335 м) аракетинен пайда болгон ээн аралдардан Хендерсон (аянты боюнча эң чон, 37,3 чарчы/чакырым), Дюси (Дьюси) жана Оэно жана шуру рифтеринен турат. Жалпы аянты 47 чарчы/чакырым. Калкы 56 (2013), англис моряктары («Баунти» кемеси 1790-ж. ушул жерде кыйроого учураган) менен полинезиялыктардын аралаш никесинен келип чыккан. Калкынын орточо жыиггыгы 1 чарчы/чакырым жерге 1,4 киши. Расмий тили - англис тили (питкэрн тилинде да сүйлөшөт). Борбору – Адамстаун (аралдагы жалгыз тургун жай). Климаты деңиздик субтропиктик. Орточо айлык температурасы кышында августта 18°С, жайында февралда 24°С. Жээк сызыктары өтө тилмеленген. Жакын жайгашкан аралдары – Пасхи, француздук Полинезияга караштуу Туамоту жана Гамбье (бул аралдар ичүүчү суунун жоктугунан ээн, булардын узундугу 3 км, туурасы 1,5 км). Арал европалыктар тарабынан 1767-ж. ачылган. 1790-жылдан эл келе баштаган. Улуу Британиянын Жаңы Зеландиядагы жогорку комиссары (эки кызматты тең аткарат) Аралда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы – бир палаталуу аралдар кеңеши бар. Аралдын топурагы күрдүү. Жашылча-жемиш, цитрус жана бакча өсүмдүктөрү, бал камыш, банан, ямс жана буурчак өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Газ жана дизель менен иштеген электр станцияларынан электр энергиясы өндүрүлөт. 1988-жылдан монета (негизинен жүгүртүлбөйт) чегилет. Почта маркаларын чыгарат. Билим берүүсү 5 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө окушат. Туризм өнүккөн. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)