Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пионер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пионер

Пионер - биринчи, алдынкы, алдыда жүрүүчү дегенди билдирет. Дүйнөдөгү бардык тилдерде жаңы нерсе баштагандарды, буга чейин белгисиз болгон жерге жол ачууларды, новаторлор менен ойлоп чыгаруучуларды мына ушундайча аташат. Совет доорунда коммунисттик партия биздин өлкөдөгү балдардын уюмун түзүп, ал үчүн эң уккулуктуу, каарман ысымды тандап пионер уюму деп аташкан. Пионер уюму 1922-жылы түзүлгөн. Чоң жана күчтүү уюм болгон. Пионер өзүнүн салтанаттуу убадасын дайыма эсине сактаган жана аткарган. Ал убада мындай айтылат: Өз мекенимди бекем сүйүүгө, улуу Ленин осуятта калтыргандай, Коммунисттик партия үйрткөндөй жашоого, окууга жана күрөшүүгө, Советтер Союзунун пионерлеринин мыйзамдарын дайыма аткарууга салтанаттуу убада беремин. Честное пионерское деген сөз ушундан улам келип чыккан. Пионер өзүнүн бүтүндөй, жашоо-турмушу, окуусу, эмгеги менен ар күн, ар саат сайын салтанаттуу убадага бекем турганын ырасташы керек болгон. Алар кайсы жерде болбосун улууларга көмөк көрсөткөн.

Түшүм жыйнап, бак-дарак тиккенге, дары чөптөрдү жана металл жыйноого ошондой эле согуш жана эмгек ардагерлерине да жардам беришкен. Пионерлер мойнуна кызыл жагоону же жоолук сыймыл менен тагышкан. Кызыл жагоо кооздук үчүн эмес, ошол пионер уюмунун мүчөсү экендигик билдирген.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3243, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу