Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пьезомагнетизм

Пьезомагнетизм, пьезомагниттик эффект – сырткы басымдын таасири менен заттарда магниттеништин пайда болушу. Антиферромагниттик түзүлүштөгү заттарда гана болот. Басымдын аракети менен антиферромагниттик кристаллдын магниттик түзүлүшүнүн симметриясы өзгөргөндө пьезомагнетизм, башкача айтканда начар магнетизм пайда болот. Пьезомагнетизм азырынча үч гана антиферромагниттик кристаллда (MnF2, CoF2 жана α-Fe2O3) эксперименттик жол менен байкалган. Алардагы магниттениш чоңдугу Ii аракет эткен серпилгичтүү чыңалууга σki пропорциялаш: Ii = λiklσki. Пьезомагнетизм анчалык чоң эмес, анын максимум мааниси λikl~2.10-12 Тл. м2/Нду түзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)