Пьезоэлектрдик материалдар

Пьезоэлектрдик материалдар – пьезоэлектр касиеттери даана байкалган заттар. Электр-механикалык өзгөрткүчтөрдү, пьезоэлектрдик резонаторлорду, үндү нурланткыч жана кабыл алгычтарды жасоодо колдонулат. Пьезоэлектрдик материалдар негизинен электр-механикалык байланыш коэффициенти, өзгөрткүчтүн пайдалуу аракет коэффициентин аныктоочу чоңдук, резонанстык жыштыкта пьезоэлементтин механикалык кубаттуулугунун андагы электр талаасынын чыңалышынын квадратына болгон катышын аныктоочу чоңдук, резонанс аймагында жана төмөнкү жыштыктарда үн кабыл алгычтын салыштырма сезгичтигин мүнөздөөчү чоңдуктар менен мүнөздөлөт. Пьезоэлектрдик материалдарга табигый, жасалма монокристаллдар (кварц, сегнет тузу ж. б.) жана алдын ала электр талаасында полярлашкан катуу эритмелер (пьезокарапа) кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)