Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Перикардит

Перикардит — жүрөк кабынын (шрикарддын) сезгениши. Кишиде жугуштуу П - ти кокктор, вирустар, туберкулёздун микобактериялары жана башка лар козгойт. Кызыл жүгүрүк П-и көп кездешет. Уремиядан, миокарддын инфарктынан, травмадан, операциядан кийин да П. (жугуштуу эмес) болот. П. кургак жана суулуу (жүрөктүн кабына суюктуктун толушу) болуп бөлүнөт. П-те оорулуунун жүрөгү ооруйт, тез согот, эти ысыйт, чыйрыгат, алы кетет, канынын составы өзгөрөт. Суулуу П-те оорулуу демигет, жүрөктүн дабышы күңүрттөйт. Дарылоо П-ти пайда кылган ооруга карата жүргүзүлөт: антибиотиктер, сезгенүүгө каршы дарылар колдонулат.

Жүрөктүн кабына суу толсо, ийне менен сордуруп алынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)