Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пеллио (Пельо) Поль

Пеллио (Пельо) Поль (французча Pelliot Paul, 28. 5. 1878, Франция, Париж – 26. 10. 1945, ошол эле жер - чыгыш таануучу. Француз коллежинин (Коллеж де Франс) профессору (1911), Кытай тарыхына арналган журналдын («Toung рао») редактору (1920-жылдан), Көркөм чыгарманы баалоо жана жазуу академиясынын мүчөсү (1921), СССР Илимдер Академиясынын чет элдик корреспондент мүчөсү (1922), Азия коомунун президенти (1935- жылдан), немецтик оккупанттарга каршы Каршылык көрсөтуу кыймылынын катышуучусу (1940-44). Чыгыш Түркстанды изилдөө үчүн жиберилген французча экспедицияны жетектеп, 1906-ж. июнь айынын аягында Анжиян шаарына, андан Ош - Алайга келип, Курманжан даткага жолуккан. Пеллио Чыгыш Түркстанда тарыхый, археологиялык, лингвистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, 30 миңден ашык китеп ж. б. көркөм буюмдарды жыйнаган. Китептерди Франдия улуттук китепканасына, калгандарын (икона, живопись, статуя ж. б.) Луврга тапшырган. Борбордук Азиядагы элдердин, анын ичиндекыргыздардын, ошондой эле моңголдордун тилин жана маданиятын изилдеген окумуштуулар (Н. Аристов, В. Бартолъд ж. б.) Пеллионун эмгегин пайдаланышкан. Кытай тарыхы, анын ичинде даосизм, буддизм ж. б. диндер боюнча да адис болгон. Эмг.: Pelliot Р. Chretiens d’Asie Centrale et d’ExtrKme-Orient //Toung Pao, 15, 1914., ошонуку эле. Notes sur le «Turkestan* de M. W. Barthold, — TP, vol. XXVII, 1930.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)