Пегматит кендери

Пегматит кендери – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө баалуу минералдар бар пегматитпгер. Пегматит кендери 3 класска – жөнөкөй, слюдалуу жана метасоматоздук өзгөрүүдөн пайда болгон Пегматит кенинин тулкусунун ички түзүлүшүнүн схемасы: 1 – микроклинпертит жана турмалин аралаш кездешкен кварц-альбиттүү сырткы зона, 2 – сподумен жана амблигонит аралаш кездешкен төмөнкү өтмө зона, 3 – альбит линзасы, 4 – кварц, амблигонит жана петалит кездешкен микроклинсподумендүү төмөнкү өтмө зона, 5 – берилл жана воджинит кездешкен кварц-альбит-микроклин-пертиттүү ички зона, 6 – кварцтуу ядро, 7 – поллуциттүү зона, 8 – диабаздар жана андазиттер деп бөлүнөт. Баштапкы тектин химиялык-минералдык курамы жөнөкөй пегматиттерде сакталат. Жөнөкөй гранит пегматити негизинен талаа шпаты жана кварцтан түзүлүп, курамында аз санда слюда, турмалин жана гранат кездешет. Көбүнчө карапа, ошондой эле курамындагы талаа шпаты менен кварцтын катышы 3:1ди түзсө, фаянс жана фарфор өнөр-жай сырьёсу катары казылып алынат. Слюдалуу пегматиттер ысык газ-суу эритиндисинин таасиринен баштапкы пегматиттердин кайра кристаллдашуусунан пайда болуп, ар түрдүү өлчөмдөгү дан структурасы менен айырмаланып турат. Бул кристаллдашууда кварц жана калийлүү талаа шпатынан сырткары, гидролиз учурунда мусковит калыптанат. Мусковит ушул пегматиттерден гана өндүрүлөт. Метасоматоздук өзгөрүүдөн пайда болгон (сейрек металлдуу жана хрусталдуу) пегматиттер ысык газ-суу эритиндисинин таасиринен калыптанган альбиттешүү жана грейзендешүү зоналарынын болушу менен айырмаланат. Бул пегматиттердин химиялык курамы баштапкы пегматиттердикинен айырмаланып турат. Бул класстагы Пегматит кендери тоо хрусталын, оптикалык флюоритти, асыл таштарды (топаз, аквамарин, турмалин, гранат, аметист), ошондой эле литий, бериллий, цезий жана рубидий кенташтарын, кээде калай, вольфрам, торий, уран, ниобий, тантал кенташтарын, сейрек элементтерди алуу үчүн казып алынат. Кыргызстанда интрузия тоо теги (негизинен гранит) чыккан жердин көбүндө Пегматит кендери кезигет. Аларда калай (Түз-Ашуу), тантал-ниобий (Чекенди, Батан-Чал, Каравшин, Бактиек) кенташтары, сейрек металлдар (берилийдин Кырк-Булак, Кара-Суу – Каравшин ж. б. кендери) жана сейрек жер элементтери табылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)