Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Педагогикалык жөндөмдүүлүк жана анын структурасы

Жөндөмдүүлүк бул кандайдыр бир иш-аракеттин ийгиликтүү аякталышынын шарты катары, инсандын индивидуалдуупсихологиялык сапаты. Жөндөмдүүлүк иш-аракетте жана тиешелүү болгон маданияттын нормасында ишке ашуучу жана өнүгүүчү, жандуу система болуп эсептелет. Педагогикалык жөндөмдүүлүк иш-аракеттин ийгиликтүү аткарылышынын шарты болгон педагогикалык иш-аракетинин структурасын чагылдыруучу, инсандын мугалимдик туруктуу сапаты. Жалпы адамдык жөндөмдүүлүк, башкача айтканда интеллект, чыгармачылыкка умтулуу, үйрөнүү мугалим өзүнүн кесиптик иш-аракетинде көрсөтүүчү, активдүүлүктүн түрдүү түрлөрүнүн жемиштүүлүгүн аныктайт. Интеллект адамдын ар түрдүү иш-аракеттин сферасында, түрдүү жумуштарга ийгиликтүү адаптацияланышынын потенциалын аныктайт: интеллект канчалык жогору болсо иш-аракетинин диапозону ошончулук кең. Чыгармачылык жөндөмдүүлүк адамдын уникалдуулугунда байкалат.



Жөндөмдүүлүк канчалык жалпы, латенттүү болсо, ал ошончолук генетикалык детерминацияга жана биологиялык факторлорго карай өнүгүүсү жакшырат. Педагогикалык багытталуу менен, педагогикалык жөндөмдүүлүк коштогон, педагогикалык иш-аракетти атайын жөндөмдүүлүк деп атоого болот. Атайын жөндөмдүүлүк практикалык иш-аракетте өнүгөт.



Эгерде педагогикалык иш-аракет жетектөө ролдо болуу менен бир нече жөндөмдүүлүк коштолсо педагогдун таланттуулугу деп билүүгө мүмкүн. Мындай жөндөмдүүлүк педагогикалык жакшы жетишкендиктерге алып келет. Айрым учурларда окуучулардын жүрүм-туруму нормага дал келбеген учурларда мугалим жазалоого аргасыз болот. Мындай мезгилдерде психикалык абалында терс эмоциялар сакталып калат да, мугалим ал абалдан чыгуучу жөндөмдүүлүгү болбосо окуу тарбия процессине терс таасирин берет. Демек, педагогикалык жөндөмдүүлүк бул педагогикалык системадагы кабьш алынган талаптарга, аларга дал келген окуучулар аркылуу чагылдырылган спецификасына жана, каалаган жыйынтыкты алуу үчүн, окуучуларга таасир этүүчү ыктарга сезимталдыгын чагылтырган инсандын психикалык сапаты.



Педагогикалык жөндөмдүүлүк өз ара байланыштагы эки деңгээлден турат: 1. рефлексивдик; 2. проективдик. Рефлексивдик деңгээлге төмөндөгүлөрдү белгилөөгө болот: Объектти сезүү реалдуу чындыктын объектилери окуучуда кандай реакцияны пайда кылуусу, окуучунун психологиясын түшүнүү; ченди сезүү, башкача айтканда түрдүү педагогикалык таасирдин астында окуучудагыөзгөрүүлөрдүсезүү; өзүнүнкадырын, жетишбегендиктерин жана иш-аракеттеги жөндөмдүүлүктөрүн сезүү. Проективдик деңгээлге сезимталдыктын беш түрү камтылат: гностикалык педагогикалык системанын талаптарына, педагогикалык системанын кыймыл-аракеттинин жыйынтыктарына, педагогикалык системанын жемиштүү жана жемишсиз иштөөсүнүн себептерине, билимдердин систематизацияланышына, балдардыниндивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнтаанууга; проективдүүлүк педагогикалык системадан чыгуу мезгилинде окуучудагы боло турган өзгөрүүлөргө сезимталдык, өзгөрүүлөргө түрткү болуучу педагогикалык каражаттардын кезеги менен колдонулуусуна, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн проектилөөгө жана өзүнүн иш-аракетин проектилөөгө; конструктивдик окуучулардын эмоционалдык, интеллектуалдык жана практикалык кызыгуусун пайда кылуучу окуу-тарбиялык маалыматтардын композициялык түзүлүшүнө жана ыктардын талдануусуна сезимталдык; коммуникативдик окуучулар менен болгон педагоппсалык өз ара максаттуу байланыштарды түзүүнүн ыктарына жана алардын максаттык жана таасир берүү каражаттардын өнүгүүсүнө карай кайра курууга, мотивдештирүүнүн, эмпатиянын, суггестиянын ыктарына сезимталдык; уюиттуруучулук түрдуү ишаракеттерге окуучунун катышуу ыктарына, ар бир окуучуга коллективдин тарбиялоо таасир берүүчү инструментке айлануусуна, өзүн өзү уюштуруу, өзүн өзү тарбиялоо, өзүн өзү өнүктүрүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга сезимталдык. Педагогикалык жөндөмдүүлүктүн структурасына төмөндөгүлөрдү киргизүүгө болот: балдарга билимди кыска жана кызыктуу формада бере билүү; окуучуларды түшүнө билүү, мында байкоо негизги орунду ээлейт; чыгармачыл ой жүгүртуу; тапкычтык; уюштуруу сапаттары.



Педагогикалык жөндөмдүүлүк окуучулардын жана педагогдун өнүгүүсүнө түрткү болгондо гана кесиптик багытталууга ээ болот. Кандайдыр бир педагогикалык жөндөмдүүлүк начар өнүгүүсү педагогикалык иш-аракеттин аткарылуусуна тоскоол боло апбайт: биринчиден, аны өнүктүрүүгө болот, экинчиден, инсандын башка кесиптик сапатты өнүктүрүү менен ордун толтурса болот. Жөндөмдуүлүк динамикалык түшүнүккө кирет.



Демек, алар ишаракетте гана болбостон, иш-аракетте өнүгүшөт жана калыптанышат. Креативдүүлүк жана окутуучулук, атайын жөндөмдүүлүк катары, жалпы интеллектин базасында чөйрөнүн ыңгайлуу шарттарында өнүгөт. Ошондуктан алар генетикалык факторлорго караганда чөйрөлүк факторлорго көз каранды. Педагогикалык жөндөмдүүлүктөрдүн андан аркы өнугуү деңгээли жана убактысы билим берүү чөйрөсүнө жана мугалимдин өзүнүн активдүүлүгүнө көз каранды.



Жөндөмдүүлүктү мүмкүнчүлүк десе да болот, ал эми жетишкен деңгээл чындык. Ар бир мугалимди төмөндөгү деңгээлдердин бирөөнө киргизүүгө болот: 1. репродуктивдик деңгээл: мугалим өзү билгендин бардыгын башкаларга айтып бере алат; 2. адаптивдик деңгээл: мугалим бере турган маалыматты аудиториянын өзгөчөлүктөрүнө карай өзгөртө алат; 3. локалдык-моделдик деңгээл: мугалим билимдерди, ыктарды берилүүчү курстун баптарын окутуу стратегияларын билет, педагогикалык максатты чагылдыра алат, жете турган жыйынтыкты көрө билет, окуутаануу иш-аракетине окуучуну кезектүү катыштыра алат; 4. жүрүм-турумду жана иш-аракетти системалаштыруу моделдештирүү деңгээл: мугалим өзүнүн предметин окуучуну инсандык калыптандыруучу каражат катары пайдалануунун стратегияларын билет, алардын өзүн өзү тарбиялоо, өзүн өзү өнүктүрүү, билим алуу керектөөлөрүн билет. Деңгээл жогорулаган сайын педагогикалык жөндөмдүүлүк кеңеет. Педагог кесиптик билимдерге ээ болуу процессинде, бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтө берет.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)