Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Педагогикалык таасирлерди психологиялык технологиялар менен камсыз кылуу. Ролдор теориясы

Педагогикалык таасирлердин эффективдүүлүгү негизинен педагогдун окуучуга болгон позициясына көз каранды. 1960жылдарда педагогикалык таасирлердин принциптери белгиленген: педагогикалык оптимизм, тарбиялануучуга сый мамиле жасоо, окуучунун ички абалын түшүнө билүү, көрсөтөн кылыкжоруктардын сырткы кырдаалдарын жана мотивдерин ача билүү, окуучунун тагдырына кызыгуу. Азыркы учурдун мектеби, гуманисттик психологиянын жана кызматташтык педагогиканын негиздерине таянуу менен, аталган принциптерди ишке ашырууга умтулат. Педагогикалык таасирлердин дагы бир шарты бул педагогдун жогорку деңгээлдеги маданияты жана кадыр-баркы. Педагог, балага үлгү болуу менен, маданияттын эң бийик жетишкендиктерине ээ болгону оң. Педагогикалык таасирлердин эффективдүүлүгү педагогдун өзүнө койгон талаптарынын тууралыгына, ынануусуна көз каранды. Окуучуларга кандайдыр бир талапты коюу менен бирге, ага кыл келбеген жүрүм-турумду көрсөтүү туура келбейт.



Мугалим өз кыймыл аракетин анализдөөнү, керек болсо, каталыгын мойнуна алуусу зарыл. Педагогикалык таасирлер бул жөн гана таасирлердин методдорун, ыкмаларын үйрөнүп алуу дегенге жатбайт. Таасирлердин бир ыкмасы бир жагдайда жакшы натыйжа бергени менен, башка учурда андай деңгээлде боло бербейт. Жагдайдын катышуучулары алмашкан соң башка педагогикалык жагдай болуп калат, себеби, бул өзүнчө индивидуалдуулук инсандын өзгөчөлүктөрү менен, башка кесиптик тажрыйбасы менен, тарбиялануучулардын башка кадыр-баркына ээ болгон башка педагог аркылуу уюшулган жагдай. Тарбиялануучулар да бири бирине окшошбой тургандыгын унутбоо керек.



Педагогикалык таасирлердин ыкмасын, аналогиялык жагдай болгондой учурда пайдаланып, жолу болбой калуу аз эмес. Бир педагогдун кандайдыр бир эле сөзү жогорку деңгээлдеги таасирпе ээ боло турган болсо, башка бирөөнүн айтканы эч бир натыйжа бермек тургай, терс натыйжага да апып келүүсү мүмкүн. Мугалим педагогикалык таасирлердин ыкмасын өздөштүрүү менен, анын мыйзам ченемдуулүктөрүн терең түшүнүп, педагогикалык максаттарга ийгиликтүү жетүүгө болгон таасирин ачуу керек. Педагог балада эмне болуп жаткандыгын, андан ары эмне болоорун, болочок өнүгүүсү кандай болоорун так түшүнүүсү, болжолдоосу зарыл.



Мындай нерселер баланы түшүнө билүүгө, ал жүргөн чөйрөгө, мамилелешүүсүнө, түзүлгөн жагдайга негизделген. Педагогдун балага кызыгуусу биринчиден анын жүрүм-турумунун мотивдерин аныктоодон, анын азыркы учурдагы абалын, анын инсандык багытталуусун белгилөөдөн башталат. Баланы түшүнө билүү бул анын курактык жана индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн билүү.



Баланын жүрүм-турумунун мотивдерин билбеген соң кандайдыр бир чечимге келүү кыйын. Мотивдер аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз болуп бөлүнөөрү белгилүү. Аң-сезимдүү мотивдер вербалдашкан болушу мүмкүн, башкача айтканда окуучу өзүнүн жүрүм-турумун түшүндүрүп берүүгө мүмкүндүгү бар. Бирок реалдуу мотивдерди жашырып коюусу мүмкүн. Мындай учурда жөн гана маектешүү жарабайт, окуучунун жүрүм-турумуна байкоо жүргүзгөн оң. Байкоо учурунда баланын жүрүм-турумунун мотивдери жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк түзгөн, эмоционалдык абалынын өтүшүнө саресеп салуу пайдалуу.



Эгерде, мотивдерге негиз болгон, керектөөлөр канааттандырылса, анда бала оңэмоцияларды башынан өткөзөт, же болбосо, канааттандырылбаса терс эмоцияда болот. Педагогикалык жагдайларда конкреттүү баланын эмоционалдык сферасынын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн билүүжакшы ориентир боло алат. Жүрүм-турумдун мотивдерин аныктоодо дайым эле сырткы кылык-жорук оң мотивдер менен, терс кылык-жорук терс мотивдер менен түрткү боло бербесин эске алуу зарыл.



Ийгиликтүү педагогикалык таасирлердин эңнегизги шарты бул тарбиялануучу менен психологиялык контакт түзүү, психологиялык тоскоолдуктардын жок болуусу. Психологиялык тоскоолдуктар жоюлмайын толук кандуу таасир берүү мүмкүн эмес. Психологиялык контакттар инсандык, эмоционалдык, таанып-билүүчүлүк, ишаракеттик болуусу мүмкүн.



Инсандык контакт тарбиялануучунун инсандык өзгөчөлүктөрүн, башкача айтканда багытталуусун, жүрүм-турум мотивдерин, мамилелешүүсүн, кызыгуусун, курактык жана индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу болот. Эмоционалдык контакт педагог менен тарбиялануучунун жагдайгажана бири бирине болгон эмоционалдык позицияларынын жана сезимдик мамилелеринин бирдейлигинде. Тажрыйбалуу педагог тарбиялануучуларынын эмодионалдык позициясын билмейин жана эмоционалдык тоскоолдуктардын жоюлушун камсыз кылмайын олуттуу кыймыл-аракеттерди пайдаланбайт.



Психологиялык контакт вербалдык жана вербалдык эмес каражаттардын жардамы менен түзүлөт. Вербалдык каражаттар бул балага лексикалык кайрылуулардын варианттары: сурануу, буйрук берүүнүн ордуна эскертүү суроолору. Балага сөзсүз түрдө атынан кайрылуу керек.



Окуучуга дем берүүчү сөздөрдү пайдалануу да ашыктык кылбайт, өзгөчө өз күчүнө ишенбегендер үчүн. Баланын айткандарынан кандайдыр бир бөлүктөрүн кайталап айтуу, ага мугалимдин көңүлү бурулгандыгын дааналап көрсөтөт. Балага кайрылууда интонация да чоң роль ойнойт.



Балдар реактивдүү келет, ошондуктан одоно кайрылуу оройлукту жаратат. Вербалдуу эмес каражаттар менен психологиялык контакты түзүү бул аңгемелешип жаткандардын мейкиндикте жайгашуусу, жаңсоолору, мимикасы, бири-бирине көз салуусу, сылоо менен боорукердик мамиле көрсөтүү. Баланын курактык жана индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн билүү, педагогикалык таасирлердин эффективдүү жагдайларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Айрым учурда жөнөкөй сунуш берүү менен эле окуучунун жүрүм-турумун өзгөртүүгө болот. Тажрыйбалуу педагогдор ролдор теориясынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн окуучулардын жүрүм-турумдарыньш мотивдерин калыптандыруу үчүн пайдаланышат.



Бирок ийгиликтүү натыйжага алып келген мисалдар менен бирге ийгиликсиз бүткөн мисаддарды келтирүүгө болот. Йигиликсиздикти ролдор теориясынын абалдарьш билүү менен болтурбай коюуга болот. Ролдор теориясы, инсандын кандайдыр бир өз алдынча алынган теория сыяктуу, адамдын жүрүм-турумунун бардык психологиялык механизмдерин түшүндүрө бербейт.



Ролдор теориясынын нагизги түшүнүгү бул статус, роль. Статус бул инсандын милдетин, укугун аныктоочу, коомдук жана инсандар аралык мамилешүү системасындагы орду. Роль милдеттерди жана укуктарды ишке ашыруу үчүн, коомдо иштелип чыккан, жүрүм-турумдун социалдык-типологиялык системасы. Ролдор теорисына ылайык, социалдык системанын, группалык норманын, ролдук күтүүлөрдүн жазмышына ылайык детерминацияланган, жаңы ролдорду кабыл алуунун натыйжасында жүрүм-турумдун өзгөрүүсү болуп өтөт.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2045, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо