Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Педагогикалык методология

Педагогикалык методология – илимий изилдөөнүн алгачкы (негизги) жоболору, структурасы, функциялары жана методдору жөнүндөгү окуу.

Методологиялык билимдердин курамына, биринчиден, жалпы методологиялык, жалпы илимий закондор, закон ченемдүүлүктөр жана алардан келип чыгуучу педагогикалык иш-аракеттерге коюлуучу талаптар жана педагогикалык жоболор кирет (маселен, таанып-билүүдө чагылтуунун жана чыгармачылыктын биримдиги, таанып-билүүнүн субъектисинин активдүүлүгү, тарбиялоонун жалпы максаттары жөнүндөгү жана башка жоболор), экинчиден, бир далай негиздүү жана маңыздуу педагогикалык закондор жана закон ченемдүүлүктөр жана алардан келип чыгуучу педагогикалык ишмердүүлүккө коюлуучу талаптар, үчүнчүдөн, педагогикалык изилдөөлөрдүн принциптери жана методдору. Мына ошентип, методология илимий таанып-билүү иш-аракеттеринин принциптери, формалары жана жолдору жөнүндөгү окуу катарында эсептелинет да, ал эми педагогикадагы методологияны педагогикалык кубулуштарды таанып-билүүнүн жана өзгөртүп түзүүнүн негизинде жатуучу теориялык жоболордун системасы деп түшүнөбүз.

Педагогикалык метадология философия менен тыгыз байланышта каралат (бекеринен, XIX кылымга чейин аны философиянын бир бөлүгү катарында эсептешпеген чыгар). Дидактикалык таанып-билүү теориясын окутуу аркылуу таанып-билүүнүн педагогикалык негизи катарында мааниси чоң. Бул теорияга таануу менен илимий педагогика окуу-тарбия процессин уюштуруунун, окутуунун жана мектеп окуучуларынын өз алдынча билим алуусунун методикасынын теориялык жана практикалык бардык маселелерин изилдейт. Чындыгында эле, окутуу, улуу муундун өсүп келе жаткан муунга коомдук мамилелердин, өндүрүштөрдү жана эмгектенүүнүн ыкмаларын, тажрыйбаларын үйрөтүүнүн объективдүү зарылчылыгы, өзгөчө коомдук кубулуш катарында адам баласынын чыныгы дүйнөнү таанып-билүү теориясы менен тыгыз байланышта.

Объективдүү дүйнөнүн адам баласынын аң-сезиминде чагылышы катарында каралуучу таанып-билүү теориясы, идеяларга, аң-сезимге салыштырмалуу материянын, турмушту биринчи экендигин мойнуна алат. Ошол эле учурда, ушуну менен адам баласынын аң-сезиминин, чыныгы дүйнөнү таанып-билүүдөгү жана өзгөртүп түзүүдөгү орду (ролун) жокко чыгарылбайт. Материя ар дайым өз ара байланышта, турактуу жана түбөлүктүү кыймыл аракетте жана өзгөрүүдө болуп, анын кыймылынын бир формасынын калыптанышы менен экинчисинин жоголушу жана сапаттык кандайдыр бир абалдын башка абалдарга өтүшү менен шартталып турат. Илимий негизде уюштурулган окутуу эки негизи максатты көздөйт: чындыкты жаштарга жеткирүү жана аны өздөштүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле алардын илимий теориялык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу. Ар бир адамдан терең интеллектуалдык өсүп өнүгүүнү талап кылган илимий-техникалык прогресстин шартында, окутуу процессинде реалдуу – конкреттүүнү жай-баракат кабыл алуу менен өз-өзүнчө алынган түшүнүктөрдү, абстракцияларды окуучулардын аң-сезиминде калыптандырууга жана ошондой эле конкреттүү бүтүндүктү өздөштүрүү максаты үчүн абстракцияларды колдонуу процессине жетишүүгө олуттуу көңүл буруу абзел.

Окутуу менен таанып – билүүнүн логикасы конкреттүүлүктөн абстракцияга жана тескерисинче, абстрактуудан конкреттүүлүккө аң-сезим аркылуу чексиз өтүүнүн диалектикалык биримдиги болот. Билим алуу процессинде окуучу кубулуштардын, предметтердин объективдүү экендиги жөнүндөгү жалпы элестерден, алардын бир беткей касиеттери, сапаттары, бөлүк-төрү жөнүндөгү ой аркылуу алыстаган билимдерге ээ болушат. Андан ары абстрактуу, чектелген жана байланышсыз түшүнүктөрдөн, бүтүн катары каралуучу кубулуштун маңызына, чындыкка сүңгүп кирүү ишке ашырылат. Ой жүгүртүү процесстеринин, көрсөтүлгөн, өз ара аракеттенүүсү окутуу процессиндеги таанып-билүүнүн негизги законун түзөт. Ушуну менен катар эле окутуу жана таанып-билүү процесстеринин айырмачылыктары жана жалпы жактары бар экендигин эске алуу пайдалуу.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Комментариев: 2 RSS

1 Аноним 10-12-2017 22:23

СОСТАВЫНА ЭМЕС КУРАМЫНА ДЕСЕНЕР ТУУРА БОЛОТКО!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)