Педагогика илими

"Педагогика илими" Кыргыздардын таалим-тарбия ошондой эле окутуу иштеринде турмуштук адат-салттардын жана ислам дининин таасири чон болгон. Ошентсе да илим-билим, окуу, таалим-тарбия жаатында революциячыл демократ-акындар Т. Сатылганов, Тоголок Молдо, Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Молдо Кылыч, Барпы Алыкулов ж.б. өз чыгармаларында рационалдуу, омоктуу, тетик ой-пикирлерди айтышкан. Кыргызстандагы педагогикалык илимдин башаты жана өнүгүү таржымалы 1924-жылы кыргыз тилинде жарык көрө баштаган "Эркин-Тоо" гезитинин чыгышына тыгыз байланыштуу. Окуу-тарбия, теориялык-практикалык маанайдагы макалалар, усулдук материалдар алгач ушул гезиттин беттеринде жарыяланган. Кыргызстандын педагогикасы, тагыраак айтканда, "Эркин-Тоо" кабарлоо каражаты гана болбостон "гезит-мектеп", "гезит-педагог" кызматын да аткарган.

1926-жылы Фрунзе шаарында атайын басма уюшулган. Кыргыз тилинде окуу китептери, колдонмо окуу куралдары ("Алиппе", "Окуу үчүн китеп", "Арифметика", "Башталгыч география") басылып чыгарыла баштайт. 1928—1929-жылдары X. Карасаевдин "Жаңылык" аттуу чондорго арналган алиппеси жарык көрөт. "Кыргыз тилинин методикасы", "Арифметиканын методикасы", "Туура жазууга жетекчилик" усулдук китептеринин жарык көрүшү педагогика илиминин пайдубалын түптөгөн. Бул мезгилдеги мектептер үчүн окуу китептерин, окуу-усулдук колдонмолорун жазууга жана чыгарууга, туңгуч кыргыз профессору К. Тыныстановдун, лингвист-окумуштуу Е. Д. Поливановдун эмгектери зор.

Алгачкы окуу китептер жана илимий-усулдук колдонмолор республикадагы агартуунун жана маданиятгын өнүгүшүнө өзгөчө кубулуш катары кирген. Бирок, мындай өзгөрүүлөрдүн өнүгүшү мугалимдерсиз жана алардын билим деңгээлин жогорулатуусуз мүмкүн эмес эле. Ушул себептен мугалимдер үчүн кыска курстар уюштурулуп, кыргыз мугалимдерин жаңы педагогикага тартуу маселелери күн тартибине коюлган.

Кыргыз мугалимдеринин арасында педагогикалык билимди жайылтууда 1924-жылы уюшулган алгачкы илимий мекеме — Академиялык борбор жана 1928-жылы негизделген "Жаңы маданият жолунда" илимий-усулдук журналы чоң мааниге ээ болгон. Академиялык борбор бүтүндөй агартуу, маданий, илимий тармактын маселелерин тескеген, кыргыз адабий тилин иштеп чыгуу, коомдук-саясий, илимий-техникалык терминдерди тактоо, окуу китептерин, окуу куралдарын түзүү, мугалимдер үчүн усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу иштерин уюштурган жана жетектеген. Педагогикалык билимди, практиканы жайылтуу ишин "Жаңы маданият жолунда" журналы улантып, үзгүлтүксүз чыгуучу атайын педагогикалык, маданий-агартуу басылмасына айланган. Мындан сырткары коомдук, саясий, агартуучулук багыттагы ар кыл маанилүү материалдар жарыяланып турган. Кийинчерээк ал "Эл агартуу" журналы аталып, кыргыз педагогикасын өнүктүрүүгө зор салым кошуу илимпоздордун, чыгаан педагогдордун эмгектерин жайылтууда жана даңазалоодо үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн журнал катары жашап келүүдө.

20-жылдардын ортосунан жалпы окутууну жана педагогикалык билимди өнүктүрүүнү чечүүдө республикалык масштабдагы орчундуу көйгөй — квалификациялуу педагог кадрларды даярдоо маселеси келип чыккан. Жогорку педагогикалык билим бербей туруп республиканын агартуу маселесин ишке ашыруу мүмкүн эмес эле.

Кыргызстандын мектептери үчүн 1925-жылы Пишпек шаарында биринчи Эл агартуу институту ачылып, мугалимдерди даярдай баштаган. Ал 1928-жылы Кыргыз педагогикалык техникумуна өзгөрүлгөн. 1925-жылы Ошто, 1926-ж. Жалал-Абадда педагогикалык техникумдар ачылган. 1932-ж. республикадагы алгачкы жогорку окуу жайы — Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту уюштурулган.

Жогоруда аталган окуу жайлары агартуу мекемелери "педагогика илими" талап кылган кадрларды толук даярдай алган эмес. Ошондуктан РСФСРдан жылына ондогон жогорку билимдүү адистер келип турушкан. Орус педагогдорунун келиши жалаң гана педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүдө эмес, жогорку мектептерди уюштурууда да зор мааниге ээ болду. Мисалы, П. К. Юдахин жергиликтүү мектептерге окуу-усулдук колдонмолорду, программаларды иштеп чыгуу үчүн педагогдор коллективин түзгөн. Кыргыз педагогикалык институтунда орус окумуштуулары Г. А. Сухомлинский, И. А. Батманов, Ф. А. Турдаков ж.б. иштөө менен өздөрүнүн бүткүл билимин кыргыз илимине арнашкан.

Ошентип, жалпы билим берүүчү мектептердин жана алардын окуу усулдук базасынын чыңдалышына зарыл болгон илимий-педагогикалык база мугалим кадрлардын даярдалышы чоң түрткү болгон. Мисалы, 1930-жылдары республикада 1566 мектеп иштеп, анда 145,8 миң окуучу билим алган.

Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн туруктуу билим берүү системасы, анын өркүндөшү өтө зарыл эле. Ошондуктан алгач жалпыга милдеттүү 7 жылдык, андан кийин 10 жылдык орто билим берүү маселелери коюлат. Бул маселелерди чечүүдө илим-изилдөө институттарын уюштуруу зарылдыгы келип чыккан. 1936-жылы кыргыз тили жана жазуу, 1951-ж. Кыргызстан педагогика илим-изилдөө институттары уюштурулат. Бул мекемелер ошол мезгилдеги мектептердин окуу-тарбиялоо ишине керектүү болгон окуу китептерин, программаларын ж.б. иштеп чыгышкан.

Педагогика илим изилдөө институтунун биринчи директору, таланттуу педагог Б. К. Кулдашев ошол кездеги көрүнүктүү окумуштуу-педагогдорду бул мекемеге тартып, мектептер үчүн жаңы типтеги окуу китептерин жазуу, которуу иштерин ийгиликтүү жүргүзгөн. Алардын катарына кыргыз мектептери үчүн даярдалган эне тили, адабияты, орус тили, Кыргызстандын тарыхы сыяктуу окуу китептери кирет. Бул иштерди аткарууга илимий кызматкерлер Д. Майрыков, Т. Саманчин, С. Турусбеков, Ш. Шүкүралиевдер активдүү катышып, аларга академиктер И. А. Батманов, Б. Жамгырчинов, Б. Юнусалиевдер көмөк көрсөтүшүп, жетекчилик кылышкан. 50—60-ж. кыргыз педагогика илиминин өнүгүшүнө А. Э. Измайлов, Т. К. Ташевская, A. T. Новгородова ж.б. өз салымдарын кошкон.

60—80-ж. педагогика илимине улуттук кадрлар көбүрөөк тартыла баштаган. Алар жүргүзгөн илимий-изилдөө иштерине союздук мааниде жылуу пикирлер айтылган. Мындай изилдөөчүлөрдүн катарына И. Бекбоев, М. Р. Балтабаев, М. Рахимова, Н. А. Асипова, Н. М. Имаева, Т. Ормонов, Б. Апышев, Ж. Бешимов, А. И. Акулова, С. М. Саипбаев, Г. Токторов, М. Абдыкеримоваларды кошууга болот. Республикада педагогика илиминин өнүгүшүнө педагогикалык илимдер боюнча атайын илимий кеңештин ачылышы зор мааниге ээ болду. Республиканын көптөгөн илимпоздору ушул атайын илимий кеңештен кандидаттык жана докторлук илимий иштерин коргошкон.

Мындан сырткары педагогика илиминин ажырагыс бөлүгүн түзгөн окутуунун усулу боюнча бир топ алгылыктуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал илимпоз изилдөөчүлөрдүн катарына орус тили жана адабияты боюнча Мусин, П. И. Харакоз, В. Г. Каменецкая, А. П. Селиверстова, Л. А. Шейман, М. Д. Тагаев, М. Е. Дарбанов; математика жана физика боюнча А. Исхаков, И. Бекбоев, С. Мусаев, М. Назаров, М. Жакыпбеков, О. Худайбердиев, Э. Мамбетакунов, П. М. Иманбеков; биология жана химия боюнча А. Ысыкеев, Ж. Жоокаев, М. Субанова, Б. М. Кособаева; тарых жана география боюнча М. Алтаев, И. Н. Шерстюк; кыргыз тили жана адабияты боюнча С. Т. Турусбеков, Б. А. Алымов, К. Иманалиев, Н. Ишекеев, Б. Өмүралиев, К. Сартбаев, С. Үсөналиев, А. Осмонкулов, С. Шатмановдор кирет.

Республикадагы педагогикалык илимдин жана анын практикасынын өнүгүү жолу прогрессивдүү элдик педагогикалык мурастарга кайрылуу, аларды активдүү таалим-тарбия каражатына айландыруу көйгөйлөрүн терендеп иликтөө маселелери менен тыгыз байланышкан. Традициялык педагогиканын көөнөрбөс салттары, тажрыйбалары, идеялары, акыл-ой мурастарынын өзгөчөлүктөрү этнопедагог-окумуштуулар А. Алимбековдун, А. Аттокуровдун, Ф. Анаркуловдун, А. Бердиевдин, Жоробековдун, С. Иптаровдун, А. Калдыбаеванын, Т. Кыдыралиевдин, З. Кусеинованын, Ж. Орозбаевдин ж.б. илимий изилдөөлөрүндө терең ачып көрсөтүлгөн. Жогоруда келтирилген мисалдар жана аткарылган иштер "кыргыз педагогика илиминин" улам жаңы бийиктиктерге көтөрүлүп бараткандыгын айгинелеп турат.

90-жылдары өтө оор көйгөйлөрдү педагогика илими чече алды. Бул проблемаларды аркалоодо Кыргыз билим берүү институту — профессор И. Бекбоев, институттун илимий кызматкерлери Н. Ибраева, А. Абдиев, С. Үсөналиев, С. Рысбаев, Ө. Осмонов, М. Иманкулов, А. Муратов, Т. Н. Шарыгалова, Б. М. Кособаева, М. Субанова, Л. А. Шейман, В. Г. Каменецкая, К. Сейдекулова, А. Токтомамбетов, С. Иптаров, А. Алимбеков, А. Акматалиев орто мектептердин окуу китептерин, программаларын, усулдук колдонмолорун, билим берүүнүн концепцияларын, мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууда, аларды педагогикалык коомчулукка жеткирүүдө жана түшүндүрүүдө олуттуу иштерди аткарылды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү институтунда, жогорку окуу жайларында педагогика адистиги боюнча аспирантура жана докторантуралар иштейт. Агартуу тармагында педагогикалык, усулдук окуу китептерин, окуу куралдарын жазууда, жаш педагөг-изилдөөчүлөргө илимий жетекчилик кылууда, келечектеги мугалим кадрларын даярдоодо профессорлор М. Рахимова, И. Бекбоев, Н. А. Асипова, Н. Ишекеев, Ж. Аманалиев, Н. Имаева, Э. Мамбетакунов, Ж. Байсалов ж.б. үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Өлкөбүздүн эгемендүүлүккө ээ болушу, коомдогу жаңыча социалдык-экономикалык мамилелер педагогика илимине жаңы милдеттерди коюуда. "Педагогика илими" Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын, ар түрдүү типтеги улуттук мектептин моделин, окутуу-тарбиялоодо этнопедагогикалык, этно-психологиялык бөтөнчөлүктөрүн эске алуу педагогика илиминин олуттуу маселелеринин бири болуп саналат. Өзгөчө бүгүнкү шартта элдердин топтогон тажрыйбасына, прогрессивдүү салттарына кайрылуу, жаңылануу багытына шайкеш келип, улуттар ортосундагы рухий-маданий байланыштарды чындоого жана окутуу-тарбиялоо мекемелериндеги таалим-тарбия ишинин бардык тарабын демократиялаштырууга жана гумандаштырууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Республиканын педагогикалык илими мезгил койгон зор талаптарга жооп берүү максатында ургаалдуу өнүгүү нугунда. Ошондуктан кыргыз педагог-илимпоздорду атуулдук да, адистик да талаптын бийигинде турушуп, педагогикалык илимий-изилдөө иштеринин тематикасын, проблематикасын, географиясын кеңейтишип, динамикасын ар тараптан арттырууда.

Автор: И. Бекбоев

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)