Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Печенов Владимир Арсентьевич

Баш барак | Биографиялар | Печенов Владимир Арсентьевич

(1934-жылы туулган, Раздольный айылы, азыркы Ак-Суу району) - биолог, агроном, биология илимдеринин доктору (1973), профессор (1978). Кыргызстан УИАнын корр. мүчөсү (1993), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). Кыргыз айыл чарба инс-тун бүтүргөн (1958). 1956—59-жылы Н. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда комсомол комитетинин катчысы, 1959—61-жылы Кант районунда агроном. 1961—64-жылы айыл чарба интунда аспирант. 1964-жылдан КМУнун өсүмдүк физиологиясы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1977—87-жылы биология факультетинин деканы, 1990-жылдан өсүмдүк физиологиясы кафедрасынын башчысы. П. өсүмдүк физиологиясы боюнча көрүнүктүү илимпоз, анын жетекчилиги менен фабрикалык жана уруктук кант кызылчасынын, дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгүн алууга биологиялык илимий негиз иштелип чыккан жана өндүрүшкө бир катар сунуштар берилген, изилдөөнүн азыркы мезгилдеги эң жаңы методдору ипггелип чыккан жана бир катар приборлор конструкцияланган. П. 1979-жылдан Кыргызстан УИАнын өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана биохимиясы боюнча Илимий советин жетектейт, 1988-жылдан Өсүмдүк физиологдорунун республикалык коомунун президенти.

Анын жетекчилиги менен кафедрада илимий-окуу-методикалык «Фитофизиологиялык музей» жасалгаланган. Эл агартуу отличниги. 108 илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын 2өө авторлош) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу