Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Патронаж жана педиатрия

Патронаж — 3 жашка чейинки балдарды, кош бойлууларды жана кээ бир оорулууларды үйүнөн тейлөөнүн медициналык формасы. Дарылоо-алдын алуу мекемелердин (Шилтеме: Балдар консулътациясы, Диспансер, Аялдар консулътациясы) демилгеси менен ооруну алдын алуу чараларын ишке ашыруу, тиричиликте санитария-гигиеналык шарттарды жакшыртуу жана өздүк гигиена эрежелерин үйрөтүү максатында жүргүзүлөт. Аялдар кош бойлуу мезгилинде аялдар консультациясынын же балдар поликлиникасынын медсестрасы аларга П. жүргүзөт. Ал анын жашоо шарты менен таанышып, түйүлдүктүн өөрчүшү үчүн туура режимди жана тамактануунун маанисин түшүндүрөт, баланы эмизүү, ымыркайга керектүү буюмдарды камдоо жөнүндө кеңеш берет. Эгер кош бойлуу аял консультацияга келе албаса же убагында келбесе керектүү медициналык жардам жана кеңеш П. түрүндө жүргүзүлөт. Кош бойлуулук оор өткөн аялдарга өзгөчө көңүл бурулуп, алар да жардамды П-да алышат. Төрөгөн аял төрөт үйүнөн чыккандан кийин 3 күндүн ичинде врач менен медсестра ымыркай балага П. жүргүзөт. Алар баланы көрүп, тамак берүү, уктатуу, сейилдетүү жана башка лар ооруларды алдын алууга багытталган сунуш берет.

Бала 1 ай болгонго чейин медсестра 2 жолдон кем эмес, врач керек учурда гана келет. 1 айдан өткөн балдардын П-ын ай сайын участкалык педиатр поликлиникада, медсестра үйдө жүргүзөт. 1 жаштан өткөн балдардын П-ы ооруган учурда жүргүзүлөт. Эгер бала ооруп, үйдө дарыланса, врач менен медсестра оорулуу баланы кандай багууну энеге үйрөтөт. П. психикалык өнөкөт оорулуулар үчүн психиатриялык жардамдын бир түрү болуп эсептелет. Анда мүнөзү тынч оорулуулар дарылоо мекемесинин (диспансер, оорукана) көзөмөлү - астында үй-бүлөсү менен жашайт.

Оорулууларды П-га алуу жана чыгарууну атайын комиссия жүргүзөт. Медицина кызматкерлеринин кеңештерин так аткарган учурларда П. абдан жакшы натыйжа берет. Педиатрия — клиникалык медицинанын балдар организминин анатомия физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, алардын ден соолугун, ооруларынын себептерин, өөрчүү механизмдерин изилдөөчү жана билүү, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу тармагы. Педиатр — балдардын ооруларын аныктоо (диагноз коюу), дарылоо, алдын алуу жана алардын ден соолугун коргоо маселелери боюнча атайын даярдалган адис-врач.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)