Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Патология

Патология — теориялык жана клиникалык медицинанын патологиялык процесстерди жана абалдарды, айрым оорунун себептерин, өөрчүү закон ченемин, өтүшүн изилдөөчү бөлүгү. Ал патологиялык анатомия жана патологиялык физиология болуп бөлүнөт. Патологиялык анатомия түрдүү оорудан орган жана ткандардын түзүлүшүндө болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Мында оорулуудан хирургиялык операция убагында алынып ташталган орган, ткань, ошондой эле өлүктү (сөөктү) союп көрүп изилдөө объектиси болуп эсептелет. Патологиялык физиология организмде патологиялык процесстердин өөрчүү закон ченемин, функциялык бузулушун, өтүшүн жана организмдин коргонуу жана ыңгайлануу реакциясын көбүнчө жаныбарларга эксперимент жасап изилдейт. Кесиптик П. өндүрүштөгү зыяндуу факторлордун организмге, географиялык П. оорулардын өөрчүшүнө географиялык шарттардын тийгизген таасирин изилдейт. Нормадан ар кандай четтөө да П. деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)