Парник

Парник – жашылча жана гүл көчөттөрү өстүрүлүүчү курулма. Өсүмдүктөрдүн эрте, кеч жана убагында өстүрүлүүчү түрлөрүнө арналып, бир аз чуңкурураак же түз жерге, чыгыштан батышты карай узатасынан курулат. Туруктуу жана көчүрүлмө түрлөрү бар. үстү айнек менен жабылат. Парник күн нуру, кык, суу, электр кубаты менен жылытылат. Кык менен жылытылуучу Парникте көчөт өстүрүү иши марттын 2-жарымында, күн нуру менен жылытылуучуда апрелдин 1-жарымында башталат. Андагы топурактын курамы өсүмдүктүн түрүнө, сортуна жараша болот. Негизги компоненттери: чым, чым көн, кум. Парниктин рамалары андагы температура менен абанын нымдуулугун жөнгө салып турууга ылайыкталып жасалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)