Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Парфенон

Парфенон (грекче parthenos – кыз дегенден) – байыркы грек искусствосунун эң мыкты эстелиги. Афины шаарында Биздин заманга чейин 447–438-ж. архитектор Иктин менен Калликрат акрополдо курган. П-дун ченеми 30, 89 м Х 69,5 м, 8Х17 сандагы колонналардын бийиктиги 10, 43 м. П-дун имараты ак мрамордон салынган. Фасад фризи кентавромахия, амазономахия, гигантомахиялардын сүрөтү тартылган метод менен триглифтерден турат. Фронтондору Афинынын (грек мифологиясындагы теңир аял) төрөлүшүнү жана анын Аттиканы бийлөө үчүн Посейдон менен талаш-тартышын чагылдырган барельеф менен жасалгаланган. 1687-ж. түрктөр менен болгон согушта, венециялыктар Акрополду курчоого алганда П. кыйраган. 1801–03-ж. П-дун көп скульптуралары Улуу Британияга алынып кетип, 1816-ж. Лондондогу Британ музейине коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)