Парапроктит

Парапроктит — көтөн чучуктун айланасындагы клетчатканын сезгениши менен мүнөздөлгөн оору. Ал көбүнчө сезгенген көтөн чучуктун былжыр челинен ириңдеткич микробдор клетчаткага киришинен пайда болот. Көбүнчө П. геморрой менен жабыркаган эркек кишилерде кездешет. Катуу кармаган жана өнөкөт П. болуп бөлүнөт. Катуу кармаган П-те клетчаткада ириң толуп, абсцесс же флегмона пайда болот. Катуу кармаган тери астындагы П. анча коркунучсуз. Анда арткы тешиктин айланасы кызарып, өзгөчө заңдаганда катуу ооруйт; басып жүрүүгө тоскоолдук кылат. П-тин терең түрүндө көтөн чучуктун тушу сыздап ооруйт, анын катууланып же ириңдеп кетишин врач гана көтөн чучук аркылуу изилдеп билет. Оорулуунун жалпы абалы начарлап, эти ысыйт, тамыры тез-тез кагат, башы ооруйт, тамакка табити тартпайт.

Врачка кеч кайрылууда өмүргө коркунучтуу сепсиске алып келиши мүмкүн. Ириңдеген жер 3—5 — 8-күнү көтөн чучукка же чаткаякка, же эки жакка тең жарылып, тешик пайда болот. Жарылгандан тартып П. өнөкөт түрүнө айланат. Ал көп жылдар бою созулушу мүмкүн. Ириң чыккан тешик айыгып, сезгенүү күчөгөндө кайрадан ачылып турат.

Тери астындагы П. өзүнчө айыгышы мүмкүн, башка учурда операция жасалат. Туберкулёздук П-те башынан эле сезгенүүнүн белгилери көп билинбейт, бирок ириң чыккан тешиктер көп убакыт бою айыкпайт, ал үчүн операциядан тыш - кары атайын туберкулёзго каршы дарылоо жүргүзүлөт. Катуу кармаган жана өнөкөт П. менен ооругандар ооруканага жаткырылат. П-ти алдын алууда проктит, геморрой, арткы тешиктин жарыктарын өз убактысында дарылоонун мааниси чоң. Катуу кармаган П-тин өнөкөт түрүнө өтүшүн алдын алуу үчүн ириң толгон жердин өзү жарылганын күтпөй врачка кайрылып операция жолу менен жардыруу зарыл.

Комментариев: 2 RSS

2 Айгуль 22-11-2018 14:06

Тез кундо операция болот деп жаткан ооруунун башка адамга канчалык коркунучу бар?

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)