Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Паранефрит

Паранефрит — бөйрөк майдын сезгенип, ириңдеши. П-тин эки түрү бар. Биринчи түрүндө бөйрөк сезгенбейт, ага организмдеги ириңдүү дарттардан (сыздоок, чыйкан, күйдүргү, кулгуна, көбүргөн, тамактын, тиштин, жыныс органдарынын ириңдүү сезгениши) ар түрдүү микробдор (стафилококк, стрептококк, ичеги микробу жана башка лар) кан аркылуу бөйрөк майга тарашы себеп болот. П-тин экинчи түрүн бөйрөктүн өзүнүн ириңдүү оорусу же өпкөнүн, боордун, сокур ичегинин, табарсыктын, жатындын, бел омурткаларынын ириңдүү оорулары пайда кылат. П-те бел, бөйрөк туш ооруйт, дене ысыйт (39— 40°, чыйрыгат, алсырайт, оору басканда, кыймылдоодо, бутту сунганда күчөйт. Бөйрөк майдын арткы капталы ириңдегенде, бел туш кызарып, шишип чыгат. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз алдынча, врачтын кеңешисиз дарылануу өмүр үчүн коркунучтуу. П-ти алдын алууда ириңдүү дарттарды өз убагында дарылоо керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)