Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Параиба

Параиба (Paraiba) – Түштүк Америкадагы эки дарыянын аты. 1) Париба-ду-Норти (Paraiba do Norte) – Бразилиянын түндүк чыгышындагы дарыя. Узундугу 450 км, алабынын аянты 19,7 миң чарчы/чакырым. Борборема платосунан башталып, Атлантика океанына куят. Төмөнкү бөлүгүндө (Жуан-Песоа шаарына чейин) кеме жүрөт, 2) Параиба-ду-Сул (Paraiba do Sul) - Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1060 км, алабынын аянты 60 миң чарчы/чакырым. Бразилия бөксө тоосунан башталат жана аны аралай агып, Кампус шаарынын тушта Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 1000 м3/секдан ашык. Ортонку агымынын айрым бөлүктөрүндө жана төмөнкү агымында (250 /слгдей) кеме жүрөт. Илия-дус-Помус ГЭСи бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)