Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пара алуу

Пара алуу – мамлекеттик (муниципиалдык) кызмат мүдөөлөрүнө каршы кылмыш. Кызмат адамынын өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз же башка мүлктү, же мүлк мүнөзүндөгү пайданы пара берүүчүнүн же анын өкүлдөрүнүн пайдасына өзүнүн аракети (же аракетсиздиги) үчүн алганын билдирет. Мында жогорудагы аракеттер (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе, же алар (кызмат абалына байланыштуу) мындай аракеттерге көмөктөшсө, ошондой эле кызматы боюнча колдогон жана жол берген аракеттер да пара алууга кирет. Мыйзамсыз аракеттер үчүн П. а. кыйла катаал жазага кириптер кылуучу квалификациялык белги болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)