Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пантусов Николай Никалаевич

Пантусов Николай Николаевич (1849-1909) - чыгыш элдеринин изилдоөчүсү.

Николаев шаарында туулган.1871-ж Петербург университетин бүтүруп, 1872-жылдан 1908- жылга чейин Түркстан жана Жети-Суу генерал-губернаторлугунда ар кыл кызматтарда иштеген.

1885-ж Чүй боорундагы нестариан көрүстөндөрүнөн сирия-түркий жазмалары бар таштарды тапкан жана Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин "Тарих-и Шахрухи" эмгегинин фарсыча тексттин жарыялаган.

1886-жылдан Россиялык археология коомунун мүчөсү.

Алгачкылардан болуп Кокон хандарынын архивин изилдеген.

Жети-Суудагы тарыхый эстеликтердин фото сүрөттөрүн калтырган, ошондй эле чыгыш элдеринин бир катар тарыхый жазма даректерин элден чогулткан.

1905-ж Молдо Муса Сайраминин "Тарих-и аминийе" деген уйгурча эмгегинин тексттин жарыялаган.

Пантусов жыйнаган Анжиян көтөрүлушчулорунун 1898-жылдагы Жети-Сууга тараткан чакырык кагаздары да зор тарыхый мурастардын бири.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)