Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Палоо

Палоо – эт, май, сабиз, пияз, туз кошуп, күрүчтөн демдеп бышырылган тамак. Палоо – жалпы эле Чыгыштын, айрыкча Орто Азия элдеринин сый тамактарынын бири. Палоо даярдоо үчүн күрүч, эт, май, сабиз, ошондой эле пияз, сарымсак, кызанак, бий алма, мейиз, зире ж. б. кошумчалар керектелет. Күрүч күрмөк, чар, таштардан тазаланып, муздак сууга жуулат да, 30 мин жылуу сууга жибитилет. Тууралган эт акталган майга куурулуп, анын үстүнө пияз, кийин сабиз салынып, кызарганча куурулат. Ага тууралган кызанак, туз кошулуп, бардыгы куурулган соң, көлөмүнө ылайыкталып суу куюлат да от күчөтүлөт. Ал 20-25 мин кайнаган сон, күрүч салынат. Күрүч суусун тартып бүткөндө, от барган сайын азайтылып, сарымсак ички кабыгы менен же тазаланып, күрүчтүн арасына матырылып, казандын үстүнө табак көмкөрүлүп, 30 мин демделет. Палоонун устукан Палоо, илбээсин Палоо, маараке Палоо, мөмө Палоо, чучук Палоо ж. б. түрлөрү бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)