Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Палермо

Палермо – Италиядагы шаар. Сицилия аралынын түндүк жээгинде жайгашкан. Тиррен деңизиндеги порт. Сицилия облусунун жана Палермо провинциясынын административдик борбору. Калкы 657,0 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (анын ичинде кеме, айыл-чарба машиналары, электр-техникалык), жеңил, жыгаччылык, полиграфия, тамак-аш – татымал, химиялык, оптика өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, архгеологиялык улуттук музей, Сицилия улуттук жана заманбап искусство галереясы, Епархия, этнографиялык музейлери, Асем өнөр академиясы, театрлар (опера жана драма), галереялар, обсерватория бар. Финикиялыктар тарабынан б. з. ч. 754-ж. негизделген. 12-13-кылымдарда Сицилия королдорунун резиденциясы. Палермодо башталган көтөрүлүш 1848–49-жылдары Италияда революцияга алып келген. Ботаникалык бак уюштурулган. Жыл сайын Жер ортолук деңиз ярмаркасы өткөрүлөт. Кышкы курорт иштейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)