Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Палеоазия тилдери

Палеоазия тилдери, Байыркы Азия тилдери – Түндүк жана Түндүк-Чыгыш Сибирдин, Түндүк Американын аз сандагы элдери сүйлөгөн, теги ар башка тилдердин шарттуу аталышы. Орус илимпозу Л. И. Шренк бул жерде жашаган элди Түндүк Азиядагы байыркы элдердин укум-тукумдарынан экендигин божомолдогон. Палеоазия тилдеринде бир тектүү 4 топ бар: чукча-камчадал (чукча, коряк, алютор, керек жана ительмен тилдери), эскимос-алеут (эскимос жана алеут тилдери), юкагир-чуван (юкагир тили жана өлүү тил - чуван), енисей (кет тили жана өлүү тилдер – котт, арин, асан ж. б.). Теги ар башка болгону менен морфол. түзүлүшүндө жалпылык бар, б. а. Палеоазия тилдеринин көбү – агглютинацияланма тилдер. Бирок агглютинация бул тилдердин бардыгында бирдей мүнөзгө ээ эмес. Палеоазия тилдерин изилдөөдө В. Г. Богораз, Л. Я. Штернберг, И. И. Мещанинов сыяктуу окумуштуулар салым кошкон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)