Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пакистан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пакистан

Жеринин аянты - 803940 чарчы/чакырым. Калкы - 144617000 адам. Пакистан - Түштүк Азиядагы мамлекет. Өлкөнүн түштүгүндө бийик тоолор заңкаят. Пакистанда чөлдөр көп. Чоң Инд дарыясы агып өткөн ойдуң - дыйканчылыкка эң ыңгайлуу аймак. Ошондуктан мына ушул Бешсууда (Пенжабда) адамдар байыркы замандардан эле отурукташкан. Бешсуу күнөстүү аймак, жамгыр аз жаайт. Айдоо жерлерди сугаруу үчүн Инд дарыясынан жана анын куймаларынан чыгарылган чоң-кичине каналдар пайдаланылат. Сугат жерлерде буудай, пахта, шалы, балкамыш өстүрүшөт.

Бир жылда эки жолу түшүм алынат. Азыр Бешсуу өзүндөгү калкты гана азык-түлүк менен камсыз кылбастан, өлкөнүн башка аймактарын да жабдыйт. Бешсууда шаарлардын көпчүлүгү жайгашкан. Пакистандын эң ири шаары Карачи Араб деңизинин жээгинде жайгашкан. Ал - өлкөнүн деңиз дарбазасы. Бир убакта Карачи өлкөнүн борбору болгон.

Азыркы борбору - Исламабад - өлкөнүн түндүгүндөгү жаңы шаар. Пакистан 1947-жылы түзүлгөн. Ал кезде Англиянын мурдагы колониясы болгон Индияны Пакистанга жана Индия союзуна бөлүп коюшкан. 1971-жылга чейин Пакистан эки бөлүктөн: Батыш Пакистан (азыркы Пакистан) жана Чыгыш Пакистандан (азыр Бангладеш Эл Республикасы) турган. 1956-жылдан Пакистан республика болуп саналат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3691, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу