Пачата көмүр кени

Пачата көмүр кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк тарабында, Пачата жана Итагар сууларынын аралыгында. Кен 1932-ж. белгилүү. 1952–53-ж. геол. cъемка жана издөө иштери жүгүзүлгөн. Көмүр юра катмарынын төмөнкү көмүрлүү жана жогорку көмүрлүү свиталары менен байланышкан. Төмөнкү көмүрлүү свитасында 17 кабат, кабатчалар бөлүнгөн. Алардын ичинен 8 кабаттын калыңдыгы 0,67 мден 4,39 мге чейин өзгөрөт. Жогорку көмүрлүү свитасында 5 кабатча бөлүнгөн, алардын калыңдыгы 0,05–0,20 м. Көмүрдүн күлдүүлүгү 9,43%тен 16,41%ке чейин, күйүү жылуулугу 24,34–5815 (ккал/кг) – 29,30 МДж/кг (7000 ккал/кг). Болжол ресурсу 600 м тереңдикке чейин 182 млн т түзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)