Озарк

Озарк – АКШнын борбордук бөлүгүндөгү плато, Борбордук түздүктүн Түштүк-чыгышында. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн, чыгышында кембрийге чейин пайда болгон түпкү тектер жер бетине чыгып жатат (мисалы, Сент-Фрэнсис). Дарыялар менен өтө тилмеленген, айрым жерлерине карст процесстери мүнөздүү. Орточо бийиктиги 500 мге чейин, эң бийик жери 823 м (Бостон тоосу). Кызыл жана сары топурактуу. Дөңсөөлөрүндө негизинен эмендүү токой сакталган. Полиметалл кендери (Сент-Жозеф, ТриСтейтс) казылып алынат. Аймагынын басымдуу бөлүгү – айыл чарбасына жарактуу жерлер.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)