Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Отунду кайра иштетүү

Отунду кайра иштетүү – табигый отун сапатын жакшыртуу максатында, ысытып кайра иштетүү. О. к. и. үч түрү бар: пиролиз–отунду абасыз чөйрөдө ысытуу, газдаштыруу-реагенттер таасири аркылуу отунда термохим. процессти жүргүзүү, гидрогенизациялоо – суутек жана катализатор катышуусу менен отунду ысытуу. Алгачкы заттар таш көмүр, күрөң көмүр, жана башка болуп эсептелет. Мисалы, кокстоодо суюк түрүндөгү чайырды көп алуу үчүн битумдуу көмүр пайдаланылат. Процессти ишке ашыруу үчүн көпчүлүк учурда катализатор колдонулат. Процесс нефтиден бензинди, көмүрдөн кокс, газдар, чайырлар, жыгачтан жыгач көмүрүн, уксус кислотасын алууда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)