Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Отчет кантип жазылат

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Отчет кантип жазылат

Отчет кантип жазылат, анын түрлөрү кандай, ага эмнелер жазылат, отчет жазуу татаалбы же оңойбу, ушул сыяктуу суроого расмий мамлекеттик отчеттун жазылышын айтып берели. Ооба, азыр көптөгөн жеке ишканалар көп, алардын отчеттору мамлекеттик расмий отчеттордон өтө эле айырмаланып, ар мекеме өзүнө ыңгайлуусун жаза берет. Демек, бул макала, расмий мамлекеттик отчеттор жонундо.

Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган иш же тапшырманын аткарылышы, кызмат жана имилий иш сапарлардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү расмий иш кагазы - отчет деп аталат.

Отчётту кызматкер жетекчинин наамына жазат жана андагы маалыматтардын так, ишенимдүү болушу талап кылынат. Отчетто аткаруу үчүн эмне тапшырылгандыгы, же пландаштырылгандыгы, алардын аткарылышы, эмнелерге көңүл бурулгандыгы, эмнелер аткарылбай калгандыгы, эмне кемчиликтер болгондугу көрсөтүлүп, белгиленген тапшырмалардын аткарылбай калуу себептери так айтылат жана кемчиликтерди жоюуунун жолдору сунуш катары белгиленет.

Отчеттер колдо же машинкада даярдалат. Ал боюнча аткарылган ишке же тапшырылган иштин аткарылыш сапатына баа берилет. Натыйжадаотчеттун айрым түрлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлер сыйланат же жазаланат.

Отчет текстинин мазмунуна карата мезгилдүү иштер, ишсапары, авансылык жана атайын тапшырма отчеттору болуп бөлүнөт. Отчет кантип жазылат, макалабыз улантабыз.

Мезгилдуу иштер отчету
Мезгилдүү иштер отчету өндүрүштүк тапшырмалардын атрылышына арналып жазылат. Бул отчетто цифралар, түрдүү номенклатуралык кыскартуулар, ондук бөлчөк сандар ж.б. кеңири колдонулат. Таблицалар да аз эмес, өзгөчө маалыматтык-технологиялык өнүккөн доордо таблицалар, диаграммалар кадыресе иш сыякту. Мезгилдүү иштер отчетунун реквизиттери төмөнкүдөй схема боюнча жайгаштырылат.

Мезгилдуу иштер отчет реквизиттеринин схемасы

Реквизиттер төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Отчеттун аталышы;
  2. Иш кагазынын аты (Отчёт);
  3. Текст;
  4. Тиркеме (болсо);
  5. Отчет берүүчүнүн кызматынын аталышы;
  6. Отчет берүүчүнүн колу;
  7. Отчет берүүчүнүн аты-жөнү;
  8. Отчет даярдалган дата.

«Отчеттун аталышы» реквизитинде ишти аткарган мекеменин аталышы, отчет кайсы мөөнөт үчүн түзүлгөнү көрсөтүлүп, "жөнүндө" деген сөз менен иш кагазынын атына байланыштырылат. Эгерде отчетко тиешелүү иш кагаздар - мисалы, маалымкат, акт, түшүнүк ж. б. болсо, алардын түп нускалары (оригиналы) жалпы негизде тиркеме катары берилет. Отчеттун текстинин аягына отчет берүүчү өндүрүштүк маселеге байланышкан өз пикирин билдирсе да болот.

Мезгилдүү иштер отчетунун үлгүсү төмөнкүдөй болот:

Манас районундагы "Башат"
кооператив чарбасынын №6
бригадасынын 1998-жылга
пландаштырылган иштеринин
аткарылышы жөнүндө

ОТЧЁТ

Кооператив чарбанын №6 бригадасына 50 га аянт бекитилип берилген. Бул аянтка план боюнча пияз (1,6га), сабиз (2,4га), помидор (12,0га), көк калемпир (3,5га), картөшкө (20,5га) жана кант кызылчасы (10,0га) айдалышы керек эле. Бригада мүчөлөрү жашылчаларды планда көрсөтүлгөн боюнча айдашты жана төмөнкүдөй түшүм алышты:

Мезгилдуу иштер отчету

Бригада мүчөлөрү планды аткарууда уюшкандыкты көрсөтүштү. Пландагыдан ашыкча жашылчалар (кант кызылчасынан башкасы), совхоздун жумушчуларына арзан баада сатылды. Бригаданын бардык айдоо аянты тоңдурмаланды. Жылдык жыйынтык чыгарууда бригада мүчөлөрүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоону кооператив чарбанын жетекчилигинен сураймын.

Бригадир
99.15.01
(колу)Т. Алыкулов

Иш сапар отчету
Отчет жазууда иш сапарга чыккандагы отчет болот. Иш сапар отчету уюмдун өкүлү өндүрүштүк же илимий максатта кызмат сапарында болгондо жазылат. Мындай отчет акча каражаты менен байланыштуу болгондуктан, ал мекеме жетекчилиги тарабынан бекитилет (иш сапарында сарпталган чыгым авансылык отчетто бекитилет). Иш сапары отчетунун реквизиттери төмөнкүдөй.

Иш сапар отчетунун реквизиттеринин схемасы

Иш сапар отчет реквизиттеринин чечмелениши:

  1. Отчеттун аталышы;
  2. Отчетту жетекчиликтин бекитүү белгиси;
  3. Иш кагазынын аты (Отчет);
  4. Текст;
  5. Тиркеме (болсо);
  6. Отчет берүүчүнүн кызматы;
  7. Отчет берүүчүнүн колу;
  8. Отчет берүүчүнүн аты-жөнү;
  9. Отчет даярдалган дата

«Отчеттун аталышы" реквизитинде отчеттун кимге кимден жазылары, иш сапары кайда өткөндүгү көрсөтүлүп, ал `жөнүндө` деген сөз менен иш кагазынын атына байланыштырылат.

"Отчетту жетекчиликтин бекитүү белгиси" реквизитинде жетекчинин иш сапарында аткарылган жумушка тике тиешеси бар же ошол багытты тейлеген орун басары кол койсо да болот.

"Тиркеме" реквизити зарыл деп эсептелсе, башка мекеме тарабынан берилген маалымкат, рецензия жана башкалар көрсөтүлүшү мүмкүн.

Иш сапар отчетунун үлгүсү төмөнкүдөй:

Жалал-Абад мамлекеттик
университетинин биринчи
проректору П. Акбаровго
кыргыз тили кафедрасынын
доценти З. Абалбековдун
Бишкек шаарында өткөн
иш сапары жонундо

БЕКИТЕМИН
Жалал-абад мамлекеттик
университетинин
ректору_______
2000-ж. 19-майы

ОТЧЕТУ

Мен, З. Абалбеков, 200-жылдын 11-майынан 16-майына чейин Бишкек шаарында иш сапарында болдум. Иш сапарынын учурунда Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин кыргыз тили кафедрасында болдум жана кафедра мүчөлөрүнүн жумушчу программалары, "кыргыз тили жана адабияты" адистиги боюнча окутулуучу предметтердин өзгөчөлүгү, бөлүштүрүлгөн сааттары менен тааныштым.

Иш сапарынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын "Илим" басмасында чыгарууга даярдалып жаткан "Кыргыз тилинин фонетикасы" аттуу эмгегимдин макетин оңдодум. Китеп 200-жылдын июль айында жарык көрмөкчү.

Доцент
00.18.05
(колу)З. Абалбеков

Атайын тапшырма отчет
Мекеме жетекчилиги адистиги башка бир мекемеге кандайдыр бир өндүрүштүк жагдайды үйрөнүп келүү боюнча иш сапарына жибериши мүмкүн. Ушундай максат менен иш сапарына барга адис же кызматкер мекеме жетекчилигине атайын тапшырма отчетун тапшыруусу зарыл. Атайын тапшырма отчетунда жетекчилик тарабынан адиске тапшырылган милдеттер кандай чечилгени конкреттүү сыпатталып берилиши керек. Аткарлбай калган милдеттердин себептери көрсөтүлөт. Атайын тапшырма отчетунун реквизиттери төмөнкүдөй схема боюнча жайгашат:

Атайын тапшырма отчетунун реквизиттеринин схемасы

Бул реквизиттер төмөнкүдөй чечилет:

  1. Мекеменин аталышы, жетекчиси жана анын аты-жөнү;
  2. Отчет берүүчүнүн кызматы жана аты-жөнү;
  3. Иш кагазынын аты жөнү (Отчет);
  4. Текст;
  5. Тиркеме (болсо);
  6. Отчет берүүчүнүн кызматы;
  7. Отчет берүүчүнүн колу;
  8. Отчет берүүчүнүн аты-жөнү;
  9. Отчет даярдалган дата;

"Отчет даярдалган дата" реквизити "Иш кагазынын аты(Отчет)" реквизити менен "текст" реквизитинин ортосуна барактын сол жак четинен башталып жазылышы да ыктымал.

Атайын тапшырма отчетунун үлгүсү:

Манас районундагы "Башат"
кооператив чарбасынын
башчысы А. Умаровго
улук экономист А. Акматбековдон

ОТЧЕТ

2000-жылдын 12-январы

Сиздин тапшырууңуз боюнча 2000-жылдын 9-10-январында Бишкек шаарында кызмат сапарында болуп, "Ош" базары менен чарбанын атынан келишим түздүм. "Башат" коопчарбасы январ айынын үчүнчү декадасында 100 (жүз), февраль айынын экинчи декадасында 120 (жүз жыйырма) тонна картошканы сатууга укук алды .

"Ош" базары башка чарбалар менен келишим түзгөндүгүнө байланыштуу, биздин чарба сунуш кылган сабиз жана буудайды сатууга укук ала албадык.

Тиркеме: "Ош" базарынын акимдиги менен 2000-жылдын 10-январында түзүлгөн келишим (2 бет)

Улук экономист(колу)А. Акматбеков

Атайын тапшырма отчету жамааттык түрдө түзүлүшү мүмкүн. Мындай отчетто билдирилген маалыматтардын негизинде мекеменин ишмердигинин багыты аныкталат. Отчеттор бир нускада даярдалат жана алар мекемеде атайын көктөмөдө же файлда сакталат.

Отчет кантип жазылат аттуу макалабыз ушундай болду. Силер дагы кандай отчетторду билесиңер пикир жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-10-29, Көрүүлөр: 51287, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу