От

Кыргыздар арчадан "от" жагып табынган, аны касиет көргөн. Айрыкча, жазында, жаңы жыл келгенде оттон балдарды секиртишип, жамандыктан тазалашкан. Бекеринен бабаларыбыз От Эне - үйдүн ыйыгы, ой, дене, дилди тазартат, оору сыркоодон колдойт деген. Үй ээси - от агасы, журт ээсин - от башы дешкен. Бейтап адамдарды от менен аластап дарылашкан. Жаңы келинди адеп «От эне жалгайкөр» деп отко май чачып, отко жүгүнтүп, отко киргизет.

Бабалар очоктон аттабаган, суу төкпөгөн жана түкүрүп, акарат кылбаган. Наристе жаңы төрөлгөндө үйдөн от беришкен эмес. Жолоочуну, ооруп калгандарды, жоодон келгендерди от менен аластаган. Байыркы бабалар жылкыны дарт чалса, Камбар Атанын тукумун алоолото жаккан эки оттун ортосунан айдап өткөргөн. От жамандыкты айдап кетет, кудурети күчтүү, тазартат дешкен. Элде баласыз өткөн ата-эненин «оту, коломтосу өчтү» дешсе, өтө заардуу каргыш айтканда, «отуң өчүп калсын!» деген. Боз үйдө от жагып отурганда олуя карыя «оттун түтүнү бийикке, тогуз кабат Көк Теңирге кетти, ысыгы жети кабат Жер Энеге жетти» деп айтчу. Эл калкалаган От эне деген сөздүн чыгышында жабык сыр, терең ой бар. Ал эми отко байланышкан канча ырым-жырым, накыл сөз, макал-лакап, ыр, тилектер эл ичинде айтылат:

«Отко сыйын,

Отту теппе, шамалды сөкпө.

"От" дегенден ооз күйбөйт.

Очокту аттаба.

Отту бутуң менен ичкертпе.

Отко түкүрбө,

Отту тегеренбе.

Күлгө сийбе.

Отко жакын ыш күйөт,

Энеге жакын кыз күйөт.

Намаз шамдан кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпа.

От менен суу - тили жок жоо,

Оттун күлүн тебелебе, сапырба.

Түнү чок алба»

Энесайлык кыргыздар көчмөн уруулардаы биринчи болуп оттук ташты таап, тиричиликке колдонушкан. Кыргыздардыкынан бөлөк жерде бул сыяктуу таштар жок дешкен жолоочулар. Байыркы кыргыздардын чыракты, отту таң атканча өчүрүшпөгөнүнө караганда, анын сыйкырдуу ишеними, ыйык мааниси да болушу ыктымал. Кыргыздардан от жагылган үйгө асмандан кут түшөт дешкен ишеними болгон. Бабалар От энеге алкыш айтышкан:

«Бай сабааны туттурган,

Байгер журтту журттаткан.

Улуу сабаа туттурган,

Узун желе буулаткан,

Ысык-Көлгө түшүргөн,

Киндик кескен От энем.

Күкүрт таштын башынан Күркүрөп күйгөн От эне.

Күн аяздын жеринен Күбүнүп күйгөн "От" эне.

Оттун башы обо күл,

Анын байын байлайлык,

Отуз эки Ак буркан анын жайын жайлайлык».

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)