Островский мандалагы

Островский мандалагы (Tulipa ostrowskiana), (Regel) - Көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5- 3 см ге жетип, сыртынан калың, жогору жагы ич жагынан жабышып жыш түктүү, каралжын күңүрт түстөгү кабык менен капталган. Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр, жылмакай, чет жактары бир аз тармал, учу ичке, сызгыч-ланцеттей формада. Гүлү бирден, сары, түбүнүн орто чени кара, бирок сары түс менен өзүнчө бөлүнүп курчалган. Гүл коргонунун желекчелери учтуу, сырткылары - ромбик сымал узунунан созулган, ичкилери - тескери сүйрү. Кутучасы 3 см узундукта, туурасы 1,1 см, ичке, узунунан созулган, жээктери паралеллң сымал, тегерек же төрт бурч формада. Кутучасы узунунан карпофорасынын паралеллң капталдарындагы ичке жылчыкча аркылуу жарылат. Уругу майда (0,5х4 см), ачык-күрөң, каймасы (курчоосу) жокко эсе.

Апрелң-майда гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт. Бишкек шаарынын шартында апрелң айынын орто ченинде 10-12 күн аралыгында гүлдөйт. Жаратылышта жана маданий өстүрүүдө Колпаковский мандалагы менен жеңил аргындашып, гибриддерди пайда кылат. Уругу аркылуу көбөйөт.

Заилийск жана Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк беттери (Казакстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Кыргыз тоо кыркасы.

Бөксө жана шагылдуу тоолордун ортоңку алкактарында кездешет.

Улам барган сайын азаюуда.

Түр өскөн аймактарда адамдын чарбачылык аракеттери: жерлерди өздөштүрүп айдоо, гүлдөгөн маалында мал жаюу. Мандалак өтө декоративдүү кооз болгондуктан, жергиликтүү калк массалык түрдө гүлүн чогултат.

Чет өлкөдө жана КМШ мамлекеттеринин ботаникалык бактарында пияз түбүнөн буга чейин жетиштүү түрдө өстүрүлүп келет. Кыргызстанда болсо мындай иштер анча изилдене элек.

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981), СССРдин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Түрдүн эң жыш өскөн аймактарында ботаникалык заказниктердин аянтын кеңейтүү. Жаратылыштагы популяцияларына атайын иликтөө жүргүзүү, гүлүн үзүп, пияз түбүн чогултууга тыюу салуу. Маданиятташтыруу иштерин жүргүзүү зарыл.

VU. Кыргыз жана Заилийск тоо кыркаларынын сейрек кездешкен чукул (кууш) эндем түрү. Жогору декоративдүү жана селекциялык материал карата көңүл бурууга татыктуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)