Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Осмонов Абдрай

Баш барак | Биографиялар | Осмонов Абдрай

Осмонов Абдрай[1936-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Тилекмат (мурдагы Шалба) айылы] - сүрөтчү-живописчи. Кыргыз Республиканын эл сүрөтчүсү (1991). Кыргыз Республиканын иск-вого эмгек сиңирген ишмери (1984). 1959-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1965-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясын бүткөн. 1965-жылдан Бишкектеги С. айыл Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөтчүлөр окуу жайында окутуучу. Ал тематикалык жанрдагы картиналар менен портрет тартат.

Көп картиналары айыл турмушуна арналган. Көргөзмөлөргө коюлган негизги картиналары:«Жаш эне», «Колхоз тою», «Мейманга», «Түшүм жыйноо», «Кырманда», «Түшүм» жана башкалар, М Рыскуловдун, С. Чокморовдун жана башкалар ар кандай кесиптеги кишилердин портреттери да анын калемине таандьпс. Кубада, Монголияда, Скандинавия өлкөлөрүндө, КМШ мамл-теринде жана республикада өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышкан. КМШ көргөзмөсүндө коло медалга татыктуу болгон.

Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 793, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу