Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Осмонкул Бөлөбалаев (1888-1967)

Баш барак | Биографиялар | Осмонкул Бөлөбалаев (1888-1967)

Акжаандай төгүп ырдаган Осмонкул ырчы азыркы Ысыката районундагы Чоңдалы айылында туулган. Атасы уулун молдого окутууга берген. Осмонкул бул окууга анча көңүлдөнбөйт, ошентсе да кат таанып калат. Ал ошол кезде араб тамгасында казакча, татарча чыккан ыр китептерди көп окуган. Бул анын ырчылык шыгына таасир эткен.

Осмонкул он алты, он жети жашында эле кыз оюндарда, жаштар алдында ырдай коюп жүрөт. Бирок эл алдында чыгып ырдоого мүмкүндүк болгон эмес. Буга анын агасы Сүйүмбай ажы себепчи болгон. Ал Осмонкулду молдо же болуш кылууга аракет кылган. Ырчы менен дубананын айырмасы жок деп ырдаганга тыюу салыптыр.

Осмонкулдун багын ачкан, эл-журтка алып чыгып, ырдоого жатыктырган Калык Акыев болгон. Эл алдына чыгууга 1918-жылы гана мүмкүндүк алгандыгын эскерет ырчы. Калык акынды ээрчип жүрүп, кыргыз-казак жерин аралап эл көрөт, өнөрүн сынатып, ырчылык талантын өстүрөт. Осмонкул 1931-жылы Кыргыз драма театрына артист болуп кирип, 1938-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулат.

Эл аралап ырдап, комуз чертет. Анын ырларынын мазмуну, тематикасы да өзгөрөт. Коллективдештирүүнүн артыкчылыгын айтып, жат душмандардын бүлдүргүч иштерин ашкерелейт. Осмонкулдун ырлары 30-жылдардан тартып басмадан жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы Осмонкулдун ырлары деген ат менен 1936-жылы басылып чыккан.

Осмонкул Ата Мекендик согуш мезгилинде кыргыз элин душманды жеңүүгө, бардык күчтү аябай эмгектенүүгө, эр-азаматтарды жоону жеңип кайтууга үндөгөн ырларды жаратты. Ошол жылдары жараткан эң сонун ырларынын бири - Баатыр Чолпонбай. Бул ырда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырдыгы баяндалган.

Осмонкул төкмө согуштан кийин да толгон ыр, поэмаларды жаратты. Ал ырларда эмгектин алдыңкылары - кызылчачы, чабан, жумушчунун эмгеги, өзгөргөн жер, өскөн эл даңкталды. Силер анын Чыныбай мерген деген поэмасын уксаңар керек. Мындан башка балдар үчүн Гүлдана, Баатырбек, Жалтанбас аттуу жыйнактары жарыяланган. Ашымжан жана Бакыт жөнүндө ырдайбыз деген китептери орус тилине которулган. Ал Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамга ээ болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 7171, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу