Ош облустук филармониясы

Ош облустук филармониясы Р. Абдыкадыров атындагы – 1987-ж. ачылган, 1995-ж. Р. Абдыкадыровдун ысмы ыйгарылган. 1997-ж. Филармонияга «Космос» кинотеатрынын имараты берилген. Туңгуч директору Т. Эшпаев, 1992–2000-жылдардын аралыгында А. Садыков, А. Байтөрөев, Р. Сатыбалдиев, Б. Тургунбаев, 2000-жылдан Г. Садыбакасова жетектейт. Филармонияда Б. Мадазимов, акындар: Т. Жунусов, Б. Султанов, обончулар: Ж. Мамажанов, А. Кадыров, И. Жунусов, А. Темиров, куудулдар: Ж. Алыкулов, М. Бердибеков, Ж. Камчиев, А. Иманкулов эмгектенишкен. Филармонияда «Нуска» фольклордук, «Кыз бурак» эстрадалык ансамбли, «Аземи» бий тобу, «Аралаш-2» куудул-аскиячылар, ырчы-аткаруучулар топтору, Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)