Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ош

Кыргызстандын экинчи борбор шаары статусуна ээ болгон Ош шаары Орто Азиядагы байыркы шаарлардан экени тарыхта белгилүү. 2000-жылы Ош шаарынын 3000-жылдык мааракеси жалпы элдик, мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Ош шаары, анын атынын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн легендалар, уламыштар айтылат. Ал эми даректүү баяндар араб, перс саякатчы, географтары тарабынан жазылып калган. Араб географы Абул-Касим Хордадбехтин (1820-912/913-ж.) Мамлекеттердин жолдорунун китеби деген эмгегинде - Ош Фергана өрөөнүндөгү шаар - деп эскерет. Болжол менен 902-жылы жазылган Өлкөлөрдүн китептери аттуу кол жазманын автору, араб географы Абу-Бакр Исхак ал - Хамадани Ош шаары бекемделген дубалдар менен курчалгандыгын белгилейт. X кылымдагы атактуу саякатчы Ибн-Хаукалдын калтырган маалыматтары боюнча Ош шаары Өзгөндөн үч эсе чоң шаар болгон. Чыгыш менен Батышты бириктирип келген Улуу Жибек соода жолунун бир багыты аркылуу өтүп турган. Бул жол аркылуу Фергана өрөөнүндөгү шаарлар Чыгыш Түркстан, андан Кытайга соода иштерин жүргүзүшкөн. Ош бүгүнкү күндө Кыргызстандын Бишкектен кийинки чоң шаары, ал маданий өнөржай борборуна айланды.

Ага экинчи борбор шаар статустун берилиши, мындагы жашаган илимий агартуу уюмдары, жогорку окуу жайлар, ири өнөр-жай ишканаларынын жайгашуусу негиз берди. Ош шаарынын ажырагыс символикасы - бул албетте Сулайман тоосу. Шаар тоонун этегинде жайгашып, андан Оштун жалпы көрүнүшү көз алдыңа тартылат. Сулайман тоонун үстүндөгү Бабурдун үжүрөсү деген күмбөз мавзолей, бийик аскасындагы үңкүргө музей жасалып, Ошко келгендердин, туристтердин эңсеп кире турган жайларына айланды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 812, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо