Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Осетиндер

Осетиндер, ирон, дигорон (өздөрүн туалаг, хусайраг деп аташат) – РФтеги эл. Түндүк Осетиянын негизги калкынын саны 640 миңдей киши (2012). Алар ирон жана дигорон ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Осетин тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү православныйлар. Осетиндер – байыркы Кавказ элдеринин бири. Осетиндердин этностук негизи Түндүк Кавказдын жергиликтүү калкы жана ал жерге келген скиф, сармат, алан (б. з. 1-к-нан) уруулары менен тектеш. Осетиндер 15–18-кылымда эл болуп калыптанган. 18-кылымдын 40-жылдарынан орус-осетин мамилелери түзүлө баштаган. 1774-ж. Осетия Россиянын курамына кошулган. 18–19-кылымдын аягында осетиндердин бир бөлүгү тоолуу аймактардан түздүктөргө көчө баштаган. 1922-ж. Грузин ССРинин курамында Түштүк Осетия АО, 1924-ж. Түндүк Осетия АО түзүлүп, 1936-ж. РСФСРдин курамындагы Түндүк Осетия АССРи болуп өзгөрүлгөн. 1990-ж. Түн. Осетия Республиканын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынган. Негизги кесиби – дыйканчылык жана мал чарбачылык. Эркектери бели тар, жакасыз, узун чапан (черкеска), бешмант, көйнөк, чалбар, кышкысын тон, бурка, башына каракүл папах, кийиз калпак, башлык, бутуна такасыз, булгаары туфли (чувяки), өтүк кийип, белине канжар тагынган. Аялдары алды тилик бычылып, көркөмдөлгөн көйнөк, ичинен жибек юбка жана узун жең кап, кыска алжапкыч тагынып, жазы кур курчанган. Башына саймалуу жоолук жабылган баркыт топу кийишет. Улуттук тамак-ашы башка Кавказ элдериникине окшошаары Негизинен эт, сүт, ун азыктары. Суусундук катары пиво ичишет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)