Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Орузбаев Асангалый

Баш барак | Биографиялар | Орузбаев Асангалый

Орузбаев Асангалый(1930-жылы туулган, азыркы Ак-Суу району, Чолпон айылы) - экономика илимдеринин доктору (1976), профессор (1977), Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1989). Россия айыл чарба академиясынын корр. мүчөсү. (1990). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1990). Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн (1950). 1953—55-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Экономика институтунда улук илимий кызматкер, 1958—65-жылы социализм саясий экономиясы секторунун башчысы. 1965—69-жылы Кыргызстан Компартиясынын БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу партиялык-мамлекеттик контролдун айыл жана суу чарба бөлүмүнүн башчысы.

1969-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Президиумуна караштуу Республиканын илимий ипггерин координациялоо советинин төрагасынын орун басары. 1974-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Экономика институтунда агрардыкө. жылы комплекси секторунун башчысы, 1980-жылдан Кыргыз Республиканын Агрардык ишкер экономикалык институтунун (мурдагы мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинин экономикалык ил.-изилдөө институту) директору. О-дин илимий изилдөөлөрү агрардык өнөр ж-дын экономикасына арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 19 монография; көбү авторлош) автору. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 777, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо