Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Орусбаев Абдыкадыр

Орусбаев Абдыкадыр (8. 12. 1937, Чүй облусу, Чүй району, Калиновка айылы – 25. 11. 2009, Москва) – тилчи, кыргыз жана орус тилдери боюнча адис, социолингвистиканын баштоочусу, филология илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), Эл аралык Информациялаштыруу академиясынын академиги (1996, Москва). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1999). Каракол мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1962). Тогуз-Торо районундагы Кош-Дөбө орто мектебинде мугалим (1962–64), Кыргыз илимийиз. институтунда илимий кызматкер (1965–67), СССР ИАнын Тил илими институтунун аспиранты (1968– 71), КР УИАнын Тил жана адабият институтунда улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1971–76), директордун орун басары (1979–89), КМУда окутуучу (1972), Алжирдеги Оран университетинин Орус тили факультетинин деканы (1976-79), Курск жана Мичуринск педагогикалык институтунда доцент (1982, Россия), Фрунзе педагогикалык институтунда проректор (1990-92) Пекин университетинин Орус тил факультетинде окутуучу (1995), Лейпцигдеги Айхшетт католик университетинде изилдөөчү (1999–2000). КРСУда декан (1992–2009). 300дөн ашык илимий эмгектин автору. А. С. Пушкин атындагы Эл аралык медаль (1995, 2004, Россия) жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Эмгектери: Языковые процессы. Ф., 1987, Языковая жизнь Киргизии. Ф., 1990, Функциональная дистрибуция языков. М., 1991, Социолингвистика. Б., 1997. Русский язык как этнокоммуникативный компонент двуи многоязычия в Кыргызстане. Б., 2003, Воспитание молодежи на этических ценностях народных эпосов «Манас», «Песнь о нибелунгах» и «Слово о полку Игорове». Б., Лейпциг, 2000.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)