Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ортонку Теңир-Тоо металлогендүү зонасы

Ортонку Теңир-Тоо металлогендүү зонасы, негизинен темир кенташынын жана молибдендин чөкмө, чөкмө-жанартоо, жез-алтындын скарн кендери, ошондой эле вольфрам, алтын жана полиметаллдын гидротерм кендеринин болушу менен мүнөздөлөт. Чаткал-Нарын зонасынын эң байыркы тоо тектеринде алтын, протерозой заманынын жанартоо-чөкмө тектеринде алтын, молибден, темир кенташтары белгилүү. Протерозойдун аягында пайда болгон жетим тоо темир кенташтуу формациясында Жетим темир кенташ бассейни жатат. Палеозойдун астынкы катмарындагы көмүртек-кремнийлүү каралжын сланец формациясында марганец (Арчалы марганец кени, Жакболот яшма кени), ванадий, молибден, фосфор ж. б. сейрек кездешүүчү элементтердин кенташтары бар. Палеозойдун ортосунда пайда болгон полиметалл-карбонаттар формациясында полиметалл кендери кездешет. Герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон гранитоиддер менен алтын, жез, вольфрам, полиметалл, сурьма кенташтары (Касан-Сай сурьма кени, Куру-Тегерек жез кени) байланышкан. Чаткал-Курама зонасы палеозойдун аягында пайда болгон плутон массивдери жана жанар тоо, жанартоо-чөкмө тектериндеги жездин, полиметаллдын ири кендеринин болушу менен айырмаланат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)