Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Орто топ

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Орто топ

Короодо бир топ балдар-кыздар кызуу ойноп жатышкан. Аңгыча Нуржигит менен Улан бир нерсе жөнүндө талаша кетишет да, баары ызы-чуу түшүп калышат. Эмне үчүн чырылдашып жатканын билгени барган чоң эне аларды заматта элдеш-тирип коёт. Көрсө, алар эки тарап болуп орто топ ойноп жатышкан экен. Бул оюндун шартын толук билбеген Улан менен Нуржигит ар кимиси өздөрүнүкүн туура деп талаша кетишиптир. Ошондуктан эң жөнөкөй көрүнгөн орто топ оюнунун да эреже-шарттарын билип алган оң. Эмесе, орто топ оюну. Орто топ оюнуна кыз-уландар да катышат. Алар эки командага тең, бирдей санда бөлүнүүгө тийиш. Оюн узуну 10 метр, туурасы 5 метр келген аянтчада ойнолот.

Чүкө калчашкандан кийин кезек алган тайпа же топ аянтчанын ортосунда узатасынан катарга турушат. Алардын аралыгы 1.5 метр алыстыкта болууга тийиш. Аянтчанын сыртында турган команданын максаты - ичинде турган командадагы балдарды топ менен уруп тийгизип, оюндан чыгаруу. Ошондуктан, сыртта турган командадан эки бала - бири аянтчанын бир башында, экинчиси - экинчи башында туруп, аянтчанын ортосунда тургандарды топ менен ургулашат. Аянтчанын ортосунда тургандар өздөрү ээлеген жайдан көп алыстабай туруп, алардын ыргыткан топторун өздөрүнө тийгизбөөгө аракет кылышат. Ыргыткан топ тийип калган бала оюндан чыгат.

Эгер топту өзүнө тийгизбей тосуп алса (ал командалар алмашкандан кийин), бир жолу топту ашык ыргытууга же өз командасындагы оюндан чыгып калган балдардын бирөөнү кайра киргизүүгө акылуу. Топ менен уруп жаткан эки бала, бир саам топ ыргыткандан кийин башка бала менен алмашылат. Топ менен уруп жаткан командадагы бош турган балдар эки жакка томолонуп кеткен топторду алып берип турушат. Ортодогу балдардын баары топ тийип чыгарылгандан кийин, топ менен уруп жаткан команданын балдары ортого турушуп, оюн ошол эле тартипте улантылат. Бул оюн шамдагайлыкты, ыкчамдыкты талап кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1094, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо