Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Орто-Арык чопо кени

Орто-Арык чопо кени Чүй облусунун Панфилов районунда, Кайыңды т. ж. бекетинен 15 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1140–1200 м бийиктикте. 1987-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы түндүк-чыгышка созулган жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу чопонун калыңдыгы 2,8 мден 15 мге чейин өзгөрөт. Лабораториялык, технологиялык жана заводдук изилдөөлөрдүн негизинде кумайлуу чоподон "100", "125" маркасындагы кирпичти, "400" – "800" маркадагы аглопориттик шагылды алууга болору аныкталган. Запасы: А категориясы б–ча 235 миң м3, В – 549 миң м3, С – 1235 миң м3, А+В+С1 –2019 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы А – 165 миң м3, В – 549 миң м3, С – 1235 миң м3, А+В+ С1–1949 м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)