Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Органоиддер

Органоиддер – клетканын туруктуу структуралык элементтери, клетка органдары. Органоиддер клетканын тиричилигинде генетикалык маалыматты (тукум куучулукту) сактоо жана алып жүрүү, зат ташуу, синтездөө, ажыратуу, энергиянын айланышы, кыймылдоо ж. б. функцияларды аткарат. Эукариот клеткалардын органоиддерине клетка мембранасы, Гольжи аппараты, митохондриялар, хромосомалар, эндоплазма торчосу, рибосома, лизосома, микротүтүкчөлөр кирет. Жаныбар клеткаларында центриолдор жана микрофибриллдер, ал эми өсүмдүк клеткаларында аларга гана мүнөздүү пластидалары бар. Прокариот клеткаларда көпчүлүк органоиддер жок. Аларда клетка мембранасы жана рибосомалар гана болот. Микротүтүкчөлөр жана центриолдор жаныбар клеткаларынын кыймыл органы болгон кирпикчелер менен шапалакчалардын негизги бөлүгүн түзөт. Бир клеткалуу организмдердин кирпикчелери менен шапалакчалары, кыймыл органдарынын функциясын аткарат. Тамак сиңирүүчү жана бөлүп чыгаруучу вакуолдору органеллалар деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)